Өзбекстан өлкөдөгү аэропортторду башкарууга алуу үчүн чет элдик компанияларды тартуу менен тендер жарыяламакчы. Бул тууралуу өлкөнүн Унаа министри Эльёр Ганиевге шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Буга чейин россиялык “Новапорт” компаниясы Самарканд, Наманган жана Үргөнч шаарларынын аэропортторун өз башкаруусуна алууну, ал жайларда реконструкция иштерин жүргүзүүнү пландаган эле. Андай болгон чакта Самарканддын аэропорту 2022-жылда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун самиттине чейин реконструкцияланып бүтүүгө тийиш болчу. Ал эми Наманган жана Үргөнч шаарларынын аэропорттору 5 жыл аралыгында модернизацияланышмак.
Мындай кыска мөөнөттүк шарттарга карабастан “Новапорт” бул долбоорду колго алмакчы болду, бирок өзбек бийликтерине аэропортторду 30 жылдык концессияга берүүнү сунуш кылган. Ал эми Өзбекстандын өкмөтү аэропортторду ушундай узак мөөнөткө берип коюуга даяр эмес болуп чыкты. Ошентип, өз ара сүйлөшүүлөр туюкка кептелип, азыркы кезде аягына чыга элек.
Ошол эле кезде Өзбекстандын аэропортторуна башка инвестор – Япониянын Sumitomo Corporation компаниясы да кызыгып турган чагы. Алар менен сүйлөшүүлөр өткөн жылдын декабрында башталган. Айрым эксперттер мындай кыска мөөнөттүү концессияга япондук инвесторлор да даяр болбой калышы мүмкүндүгүн айтышат.
Ушундай эле өлкө аэропортторуна кызыгуусун “Ренова” компаниялар тобуна кирген “Аймак аэропорттору” (“Аэропорты регионов”) холдинги да билдирген.
Унаа министринин билдиришинче, аэропорттор мамлекеттик-жеке менчик кызматташуу же концессияга берүү тартибинде берилет, бирок тендер аркылуу гана. Эми аталган аэропорттор кимге буюрарын алдыдагы тендерлер көрсөтмөкчү.