www.versia.kg
Воскресенье, Март 8, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЯПОНИЯ КЕЛГЕН ТУРИСТТЕРДИН ЧЫГЫМЫН ТӨЛӨЙТ

28.05.2020
0 0
0
SHARES
318
Просмотры
Бөлүшүү

Япониянын өкмөтү эми өлкөгө келген туристтерге 185 доллар өлчөмүндөгү атайын ваучер берүү ниетинде. Ошентип, өлкө бийликтери таажылуу вирус пандемиясынан улам жабыр тарткан туризм тармагына көмөк көрсөтүшмөкчү. Бул тууралуу Kyodo News агенттиги жазып чыккан.

Алынган маалыматка караганда, ушул ыкма аркылуу саякатчылардын суткалык чыгымынын жарымын төлөгөнгө мүмкүн болот. Туристтерге берилген чек кафе-ресторандарда, дүкөндөрдө төлөм катары кабыл алына берет. Жалпысынан өлкө өкмөтү бул программа үчүн 1,35 триллион иен (12,5 миллиард доллар) каражат бөлмөкчү.

Айта кетчү нерсе, бул жаңы ыкма быйылкы жылдын июль айынын этегинде ишке кирет. Ал эми субсидия алуу үчүн отелдерге (салттуу рёкан мейманканалары да буга кирет) түз эле же япондук туристтик агенттиктер аркылуу алдын ала буюртма берсе болот.

Быйылкы COVID-19 пандемиясы Япониянын салтка айланган туристтик кабыл алууларын токтотуп, тармакка кыйла зыян алып келди. Кала берсе Токиодо өтүүчү быйылкы Олимпиада оюндары да артка жылдырылды.

Буга чейин Япония өкмөтү кыйынчылыкта калган экономиканы колдоо үчүн 2,18 триллион доллар каражат бөлүшү тууралуу кабар таркаган, бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бирине тете. Башка өлкөлөрдө мынчалык көлөмдөгү каражат бөлүү тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Мурдагы пост

ЮАР: ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНЫ ПОРНО МЕНЕН БҮТТҮ

Кийинки пост

ПАНДЕМИЯ УБАГЫНДА ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨНДӨРГӨ СЫЙЛЫК ПАЙДА БОЛДУ

Кийинки пост
ПАНДЕМИЯ УБАГЫНДА ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨНДӨРГӨ СЫЙЛЫК ПАЙДА БОЛДУ

ПАНДЕМИЯ УБАГЫНДА ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨНДӨРГӨ СЫЙЛЫК ПАЙДА БОЛДУ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In