Азыркы орусия-украин согушун өткөнкү менен келечектин согушу катары мүнөздөө ата-мекендик публицистиканын жалпылыгы болуп калды. Деген менен, көбүнесе бул метафораны Россия артка – Сталинге жана Невскиге, Украина да ошол жакка – “өткөнкү жалпылыкка” карай баратат деп түшүндүрүлүшүн бетке кармашат. Тескерисинче, украиналыктар – келечекке карашат, ал эми Бандера алардын тарыхый гана каарманы эмес, азыркы замандын да актуалдуу символу. Бирок, көйгөй биз ойлогондон тереңирээкте. Бул Орусия үчүн — бүт дүйнөнү эволюциянын кечээки этабында – нефти жана газ менен кармап туруу үчүн согуш, а Украина постиндустриалдык келечекти коргоочунун ролун аргасыздан ойноп жатат.
І. Энергия жана адамзат тарыхы
Постмодернисттер эмне дебесин, технологиялык прогресс жалпы адамзат өнүгүшүнүн маанилүү кыймылдаткычы эсептелип келген жана ушундай боло берет. Мисалы, ата-бабаларыбыздын айбанаттар дүйнөсүнөн биртоло жана артка кайткыс бөлүнүп чыгышы, отту коргоо, жылуулук жана тамакты бышыруу үчүн дайымкы пайдаланышы миллион жыл мурда башталган. От жагуу башка айбанаттарга кол жеткис болгон (эмгектин башка да жасалма түрлөрүнөн башка) биринчи технология эсептелет. Ошол оттун аркасы менен Homo erectus бүткүл дүйнөгө отурукташты, ал эми неандерталдар кроманьондуктар менен бирге Европанын салкын айдыңын ээлешти. Ошол от гана адамды коркунучтуу түргө жана планетанын чыныгы ээсине айландырды.
От адамдар тарабынан энергияны кеңири пайдаланууну күчөттү, бирок анын булактары 990 000 жылдык архаикалык фазанын жүрүшүндө өзгөргөн жок – өлтүрүлгөн айбанаттын эти жана жыйналган татымал тамырлар адамдардын булчуң күчүнө айланып, ал эми кургак өсүмдүктөр отко жагылган. Кайсы бир чөлкөмдө парустардын жардамы менен шамалды колдонушту, бирок бардык жерде эмес. Анан да, адамзат ушул энергия булактары бар аймактарда гана жашай алды, алар соолуганда кошуна аймактарга көчүп жүрүштү. Мына ушундай жарым-жартылай көчмөн жашоо туулгандан өлгөнгө чейин улана берди.
Жер иштетүү менен үйдө мал кармоонун башталышы адамдар үчүн энергия булактарын туруктуу кылып гана калбай, алар айбанаттардын булчуң күчүн ишке салууга да мүмкүндүк түздү.
Чыныгы энергетикалык революция неолитте жүз берди. Жашоо үчүн кыйла ыңгайлуу аймактарга көчүү (“Алтын жарым-ай” аймагы сыяктуу), аңчылыктын барман массасынын жок болуп кетиши, андан кийинки климаттык кризис (соңку дриас 12,7-11,6 миң жыл мурда) чарба жүргүзүүнүн мурдагы ыкмаларын жокко чыгарды. Ким-бирөөлөр көчүштү, башкалары курман болду, айрымдары болсо өнүгүүнүн жаңы этабына өтүштү. Дыйканчылык менен үйдө мал кармоо адамдар үчүн энергиянын булактарынын туруктуу болушуна шарт түзүп калбастан, ага кошумча жылкынын, өгүздүн, эшектин жана башка айбанаттардын булчуң күчүн ишке салууга мүмкүндүк жаратты.
Бул салттуу фаза ар кайсы аймакта ар башкача уланды, орточо алганга – 10 миң жылга жетпейт. Акыры 18-кылымда Англияда дагы бир ачылыш жүз берди – индустриалдык революцияны алып келген ишке жөндөмдүү эле эмес, натыйжалуу да буу машинасы жасалды. Эскерте турган нерсе, буу машиналары буга чейин эле бар болчу – ал тууралуу вавилондук жрецтер, Александриялык Герон деле билген – бирок алар ал кезде кызыктуу оюнчук катары кала беришкен. Ага жыгачты жагуу – натыйжалуу эмес, ал эми кулдун акысыз эмгеги аларды айыл чарбасында пайдаланылышынын маанисин жокко чыгарат. Кымбат жумушчу күчүнүн жана кол жетерлик арзан көмүрдүн (деген менен, биринчи буу насостору көмүр шахталарына коюлган эле) шартында гана өнөр жайдын мүмкүнчүлүгү ачылган. Жаңы доордун – казып алынуучу отундун доору башталган.
Индустриалдык фазанын коомдору башкы энергия алып жүрүүчүдөн: көмүргө, нефтиге, газга же уранга карап өзгөрүп турган.
Индустриалдык фазанын коомдору башкы энергия алып жүрүүчүдөн: көмүргө, нефтиге, газга же уранга карап өзгөрүп турган. Деген менен, казып алынуучу эң эле жөнөкөй отун адамдардын жана айбанаттардын булчуң күчүнөн жүздөгөн эсе көп энергияны берген, ошондуктан адамзаттын өнүгүшү акыркы үч жүз жыл ичинде мурда болуп көрбөгөн темптер менен жүрүп отурду.
Айтмакчы, дагы бир нерсе – кеңири таркаган пикирлерге карабастан постиндустриалдык фаза дагы эле келе элек. Мейли бизде телеграфтын ордуна интернет болсун, ал эми Биринчи дүйнөдөгү тейлөө экономикасы өнөр жай өндүрүшүнөн озуп кетсин, негизинен алганда эч нерсе өзгөргөн жок. Ар бир реалдуу фаза жаңы энергия булактарына таянат, бул жагынан биз эски фазада кала берүүдөбүз. Төртүнчү фазага секирик жасаш үчүн же муздатылган термоөзөктүк синтез зарыл, же дүйнөлүк энергетиканын 50 пайызынан көбү кайталап өндүрүлүүчү булактарга – күн жарыгына, шамалга же сууга өтүшү керек. Ага чейин биз нефти менен газ, уран, ал эмес көмүр менен кала беребиз.
Эми ушул көз караштан туруп орусия-украин согушун карап көрөлү.
Автор: Дмитрий СКАЖЕНИК.
II. Орусия и Украина
Деген менен, ар бир фазанын өзүнүн ошол учурдагы укладдык бенефициары болот. Архаикалык мезгилдерде ресурстарга бай аймактардагы – алгачкы коомдун “бейишиндеги” күчтүү уруулар өздөрүн жакшы сезишкен. Дыйканчылыкка өтүү түшүмдүү жерлерди көп ээлеген структуралардын өркөнүн өстүрдү. Ал эми планетанын бардык агротехнологиялары бирдей эле натыйжалуулукка ээ болгондуктан, “жашоо чөйрө” үчүн согуштар нормалдуу көрүнүш эле. “Архаисттер”, мүмкүн, жаңы көрүнүштөргө каршы болушкандыр, бирок тарыхый перспективада “традиционалисттерге” күрөштөн жеңилип калышкан, ушу бүгүн да аңчы-жыйноочуларды дүйнөнүн эң алыскы булуң-бурчунан араң табасың.
Индустриалдык доор эки типтеги бенефициарларды берди. Казып алынуучу отундун бай кендерин ээлегендер биринчилерден болушту, ал эми экинчилер – кубаттуу өнөр жайды кургандар. Фазанын алгачкы кылымдарында эки типтегилердин айкалышы бир эле чек аранын ичинде болсо, ал эми 20-кылымда нефтини кайра иштетүүчү завод нефти алуучу кудуктан маанилүүрөөк экени көрүндү (Япония менен Кувейтти салыштырып көргүлө). Деген менен, андай ресурстан эч ким деле баш тарткысы жок – ошондуктан да АКШ сланец нефтисин жана газын ийгиликтүү казып алууда.
Сибирдин нефти жана газы Советтер Союзунун жашоосун кошумча жыйырма жылга узарткан.
Орусия өткөн 100 жыл ичинде индустриалдык фазанын укладындагы нефти жана газ тармагынын негизги пайда көрүүчүлөрүнөн болду. Орусия империясынын Баку нефти кени “кара алтын” өндүрүү көлөмү жагынан өлкөнү экинчи орунга чыгарган, ал эми Сибирдин нефти жана газы Советтер Союзунун жашоосун кошумча жыйырма жылга узартып берди: 60-80-жылдар.
СССРдин кыйрашы бул маселеде эчтекени өзгөрткөн жок. Ельциндик Орусия агрессивдүү мамлекет эле, бирок өтө күчтүү эмес – баарыдан мурун бул энергия алып жүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк баасынын төмөндүгү себептүү. Бирок, Путиндик доордо нефти жана газдын баасы тынымсыз өсүп отурду, аны менен кошо орусиялык милитаризм да өстү. Ал эми түтүктөр капкачан эле Кремлдин куралы болуп калганы тууралуу ушунчалык көп жазылгандыктан, аны кайталап айтып отуруунун кереги жок.
Берлин орусиялык газ ийнесине ушунчалык бекем отуруп алгандыктан, чоң согуш чыккандан кийин гана андан араң кутула баштады.
Кыскача айтканда, Орусия дүйнөлүк нефтегаз түзүлүшүнүн олуттуу бенефициары катары жана жогорку атаандаштыктагы товар өндүрө албаганы себептүү эски түзүлүштү сактап калууга башкалардан көбүрөөк кызыктар болду. Ондогон жылдар бою орусиялык арзан газ (азыраак өлчөмдө нефти да) немис өнөр жайынын болуп көрбөгөн өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнө жол ачуу менен Германияга агып турду. Берлин орусиялык газ ийнесине ушунчалык бекем отуруп алгандыктан, чоң согуш чыккандан кийин гана андан араң кутула баштады.
Экинчи жагынан, Германиядан алынган евролор чиновниктер менен саясатчыларга бериле турган пара, ошондой эле солчул жана жашылдар партияларына жардам катары кайра эле немистерге кайтып турду. Европанын пайдалуу көк мээлери жана орусиялык агенттер экологиялык ураандарга жамынып алып, бир гана көмүр электр станцияларын эмес, атомдук электр станцияларынын да жабылышына лобби жасап турушту — башкача айтканда, Германия Орусиянын газына көз каранды болушу үчүн баарын жасашты.
Эң башкысы – орусиялык арзан энегертика алып жүрүүчүлөр Европадагы энергиянын альтернативдик булактарын иштетүүнү жокко чыгара албаса да, бирок аларды пайдалануу экономикалык жактан пайдалуу эмес болушуна жетише алды. “Жашыл энергетика” тууралуу ар бир үтүктөн кыйкырып турушканы менен орусиялык газ гана немис бейпилдигинин негизи бойдон кала берди.
Мына эми биз бүгүнкү согуштун эң эле терең себептеринин бирине келип калдык. Тээ 2014-жылдан кийин нефти менен газдын баасы улам төмөндөй берди. Орусиянын экономикасы туруктуу деградацияга тушукту. Европа энергиянын кайталап өндүрүлүүчү булактарына астейдил өтө баштады, ал эми АКШда – келечектүү сланец отундарын өндүрүп киришти. Эгер баары ушундайча бара берсе, 2030-жылдарга барып Орусия дүйнөлүк экономикалык картадан жөн эле түшүп калмак – ал киреше алуунун негизги жолунан гана гана эмес, кубаттуу саясий куралынан да ажырайт эле. Акыркы учурда жалпы европалык кризисти пайда кылуу менен күтүүсүз нерсеге баруу – Кремлдин ишенген кадамы ушул эле.
Эгер Киев чындап эле үч күндө кулаганда, бир гана энергетикалык башкы булактар эмес, Европага энергияны ташуу жолу, каражаттары да Орусиянын колуна тиймек.
Эгер Киев чындап эле үч күндө кулаганда, бир гана энергетикалык башкы булактар эмес, Европага энергияны ташуу жолу, каражаттары да Орусиянын колуна тиймек. Украинанын көлөмү жагынан (айрыкча деңизде) артыкчылыктуу өзүнүн газы тууралуу айтпай эле коёлу. Ушундай инструментти колго алуу, саясий лоялдуулук үчүн арзан газ сатуу менен Орусия өзүнө ылайык кырдаалды узак мөөнөткө сактап калмак.
Мындан Украина гана эмес – бүтүндөй дүйнө утулуп калат эле. Себеби Орусия нефти менен газды өндүрүп жатканда жашыл энергетика менен өзөктүк энергетика Биринчи дүйнөнүн күн татибиндеги маселелерде эч бир актуалдуу боло алмак эмес. Ошентип, планета мурдагыдай эле өнүгүү фазасынын азыркы этабында кала бермек.
Анын ордуна Орусиянын согушта жеңилиши жана анын энергетика рыногунан сүрүлүп чыгарылышы дүйнөгө ийнеден кутулуу жана бул чөйрөдө кайсы бир жаңы нерсени ойлоп табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ырас, калп айткан менен болобу – нефтинин доору эртең эле бүтүп калбайт, Венесуэла, Иран жана Саудия Арабстаны эч кайда жоголуп кетишпейт.
Жер жүзүндө нефтекратия канчалык аз болсо, биз келечекке ошончолук тезирээк өтө алабыз.
Бирок, Жер жүзүндө нефтекратия канчалык аз болсо, биз бейпил келечекке ошончолук тезирээк өтө алабыз. Орусия менен согушуп жаткан Украина өзүн гана коргоп жаткан жери жок, ал келечекти жакындатуу аракетин жасап жатат.
Автор: Сергей ГРОМЕНКО,
тарых илимдеринин кандидаты, Украинанын келечек институтунун эксперти.
Булак: www.gazeta.ua