Россия Федерациясынын Тюмень шаарында кыргыз диаспорасы жаш муундарга улуттук каада-салттарды сиңирүү, кыргыз мигранттары арасында маданий иш-чараларды өткөрүү менен өз ара ынтымакташуу, биримдик процесстерин күчөтүү максатында быйылкы жылы “Ыр кесе” өткөрүүнү колго алган. Бул иш-чара мигранттардын туулган аймагына карап, Кыргызстандын район-шаарларынын тургундарынын арасында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аксакал мигрант Байдылда Борбукеев билдирди.
Анын айтымында, 24-август күнү Тюмень шаарындагы “Торфяник” маданият үйүндө Сузак районунан барган мигранттар “Ыр кесенин” кезектеги иш-чарасын жалпы мигранттарга тартуулашты. Зал шаардын аймагында иштеген мигранттарга толуп, башка аймактардан келген өкүлдөр, миграция кызматынын өкүлдөрү да катышышты. Кыргыздын улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, бийлеп бийленди, көрүүчүлөрдүн жарпы жазылды.
-Бул “Ыр кесенин” үчүнчү иш-чарасы, буга чейин Өзгөн, Аксы районунан келген мигранттар уюштурушуп, өз өнөрлөрүн тартуулашкан эле. Эми кийинки кезекте Кара-Суу районунан келген мигранттар маданий иш-чараны улантышмакчы. Ошентип, Кыргызстандын көпчүлүк райондорунан келген мигранттарыбыз кезектешип алып бара беришет, — дейт Б. Борбукеев.
Тюмень аймагындагы кыргыз диаспорасынын билдиришинче, область аймагында 11 миңдей кыргыз мигранттары иштеп жүрүшөт. Андан тышкары, 2 миңдей Россия Федерациясынын жарандыгын алган кыргызстандыктар бар. Кыргызстандын ар бир райондорунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн 14 кыргыз коому мигранттардын башын бириктирип турат.
— Тюмень шаарында эң сонун маданий иш-чаралар өтүүдө, эми аны улантып кетүү да биз үчүн абдан маанилүү. Бул биринчи кезекте биздин улуттук каада-салттарыбызды сактап, жайылтуу жагынан, экинчиси кыргыз мигранттарынын арасындагы биримдикти, ынтымактыкты сактап, бкемдөө жагынан бизге абдан керек. Биз “Сузак” коомуна ыраазылык айтып, эми “Кара-Суу” коомуна ийгилик кааламакчыбыз, — дейтТюмень шарындагы “Биримдик»кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова.
Албетте, алыскы аймакта жүргөн кыргызстандыктардын өздөрүнө жараша көйгөлөрү да жок эмес. Бул баарынан мурда тил маселесине такалат.
-Бизде абал жакшы эле, бирок жаш балдарыбыздын тили бурулуп баратат, аны сактап калууга аракет кылып жатабыз. Ошондуктан да жаш муундар улуттун тилин, баалуулуктарын билбей калышпасын деп, ушундай маданий иш-чараларды өткөрүүдөбүз. Андан тышкары, азыркы кезде Тюмень аймагынын мигранттары менен Москвадагы диаспоранын ортосундагы карым-катнашты күчөтүү аракети болуп жатат, — дейт Б. Борбукеев.