Facebook компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг АКШдагы миллиардерлердин байлыгын мамлекетке тартуу боюнча айрым саясатчылардын демилгелерине каршы экенин билдирди. Анын пикирине таянсак, көп жакшылыктарды жасап жаткан кишилер бар, башкаларга көп жардам беришет, ошондон кайсы бир мааниде сый-урмат алып турушат.
Президенттикке ат салыша турган айрым саясатчылар, мисалы Вермонт штатынан сенатор Сандерс демократтар партиясынан президенттикке аттанып, теледебатта өлкөдө көпчүлүк эл дарыланууга акча таппай жатканда миллиардерлердин барлыгынын өзү эле адеп-ахлакка жатпастыгын айткан. Ошондуктан өтө бай кишилерден мамлекеттин эсебине үлкөн салыктарды алуу зарыл деп эсептейт.
Цукерберг байлар бардык каражаттарын мамлекетке берип койгону менен анын коом үчүн натыйжалуу пайдаланылышына ишенбестигин билдирген. Коомдогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар кандай мамилелер, аркеттер, атаандаштык болушу шарт экенин айтат. Ошондуктан дүйнөнү жана рынокту ар түрдүүлүктөн, ар түрдүү мамилелерден өксүтпөө зарыл. Ошондой эле ал буга чейин да өзүнүн каражаттарынын көп бөлүгүн соопчулук иштерине жумшай турганын билдирип келет.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, Цукерберг дүйнөдөгү эң бай кишилердин тизмесинде 5-орунда турат. Анын бардык байлыгы 70 миллиард доллар деп эсептелүүдө. The Washington Post гезити эгер Сандерс АКШнын президенти болуп калып, миллиардерлерге салык көлөмү өссө, анда Цукерберг жылына 5,5 миллиард доллар салык төлөөгө туура келерин билдирген. Сандерстин демилгеси 10 жыл мурда ишке ашкан болсо, 2018-жылдагы Цукербергдин байлыгы араң гана 29 миллиард доллар болмок экен.
Facebook компаниясы 2004-жылы 4-февралда Цукерберг жана анын үч курсташы тарабынан негизделген. Акыркы маалыматтар боюнча, Facebook социалдык тармагынын айлык орточо аудиториясы 2,4 миллиард колдонуучуга барабар. Компаниянын маалыматына ишенсек, 2,7 миллиард киши айына эч болбосо бир жолу анын сервисинен пайдаланып турат. Бул социалдык тармакта Facebookтан башка да Instagram, WhatsApp жана Messenger тиркемелери бар.