Жалал-Абадда 40, Базар-Коргондо 80 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталган.
Былтыркы жылы социалдык өнүгүү башкармалыктары туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды массалык түрдө аныктап чыгышкан. Жалал-Абад областындагы бир район жана бир шаардан иштин жыйынтыгы боюнча маалымат сурадык.
-Изилдөөдө кырктай бала аныкталган, бүгүнкү күндө алардан 17и калды, калгандарына документ алып бердик. Булар сот аркылуу гана ала алышат, ошол себептен кечигип жатат. Дагы бир себеби ата-энесинин да өздүк документтери жок болуп чыккандар көп. Биринчи ата-энесине документ алып берип, кийин балдарына сот аркылуу күбөлүк алып беребиз. Мисалы, бир кыз 9-класста окуйт экен, ага күбөлүк алуу үчүн 3 жолу соттук отурум болуп, аягында оң жоопко жетиштик, – дейт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова.
Ал эми Базар-Коргон районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Замира Адышева төмөнкүлөрдү билдирди.
-Бизде 80 бала аныкталган, азыркы учурга чейин 22сине туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып бердик, дагы 63 калды. Мындай балдар дагы аныкталып жатат. Балдарына эле эмес, ата-энелерине да өздүгүн тастыктоочу документ алып берип жатабыз.