Өзбекстан Республикасынын Шахрисабз районуна караштуу анча чоң эмес Чоршанбе шаарчасында жаш жигиттер Саидмахмуд жана Жахонгир технологиялык революция уюштургусу келишти. Аларды маалымат технологияларына болгон ышкы жана өз шаарчасын жакшы жагына өзгөртүү аракети бириктирди.
Саидмахмуд жана Жахонгир Чоршанбедеги IT-борборду жетектеп турушкан. Ал жерде жаштар инновацияга жана технологияга үйрөнүшөт. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү пограммасына (ПРООН) бул борбордун потенциалы жагып калды да, бул эки жигиттин идеясын колдоого алды. Ошентип, ПРООНдун колдоосу астында долбоордин иши ийгиликтүү жүрдү. Аталган борбор өз катарына санариптик көндүмдөрдү өздөштүргүсү келген 120 студентти кабыл алды.
Чоршанбенин жаштарынын умтулууларына кеңири мүмкүнчүлүк жараткысы келген жаш жарандар бардык аракетин студенттердин жаңы технологияларды жакшы өздөштүрүп кетүүсүнө арнашты. Мыкты IT-адиси болуп жетилүү үчүн көбүрөөк билимди англис тили аркылуу алышы керектигин түшүнгөн бул жигиттер “IT үчүн англис тили” курсун иштеп чыгышкан, бул азыр жаштар арасында абдан кеңири тараган пайдалуу колдонмо болуп калды.
Студенттер арасынан бул маалымат технологиялар борборунун ишине абдан кызыгып, компьютердик инженерия жана жасалма интеллект багытына абдан көңүлүн койгон 18 жаштагы Маржона кыйла жөндөмдүү экенин көрсөтө алды. Борбордо Маржона өз пикирдештерин жолуктуруп, өзүнө керектүү заманбап билим, көндүмдөрдү тапты.
БУУда технологиялар карьеранын бардык түрүн өнүктүрүүдө маанилүү ролду аткара турганын белгилеп, жаш кезинен эле техникалык көндүмдөрдү өздөштүрүп алуусу кыздар үчүн экономикалык өз алдынчалыкка ээ болушуна жардам берерин айтышат.
Эми болсо Маржона Өзбекстан дүйнөнүн технология боюнча өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кирген келечекти кыялданып жүрөт. Анын кыялдары Чоршанбеден Өзбекстандагы инновациянын жана прогресстин борбору боло турган потенциалды көрүп турушкан устаттары Саидмахмуд менен Жахонгирдин кыялдарына шайкеш келди.
Эскерте кетсек, Шахрисабз — Өзбекстандын Кашкадарыя областында жайгашкан тарыхый байыркы шаар. Он алтынчы кылымга чейин шаар Кеш деп аталып келген. Шаарда 100 миңден ашуун калк жашап турат.
Булак: news.un.org