Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областындагы Мургаб аймагында 220 киловатт-саат кубаттуулуктагы күн электр станциясы иштей баштады. Бул долбоорго дагы кошумча 180 киловатт-саат кубаттуулуктагы гибриддик энергия топтоочу электр станциясы да кирет. Ошентип, Мургаб шаарындагы 6 миң тургун электр жарыгына ээ болду. Бул тууралуу Тажикстандагы АКШнын элчилигине шилтеме берип, www.asiaplustj.info сайты жазып чыкты.
АКШнын элчилиги билдиргендей, Мургаб аймагындагы 3600 метр бийик жайда жашаган 6 миң тургун улуттук электр тармактарынан электр менен камсыздалбай калып, турмуш кыйынчылыктарын тартып келишкен. Жаңы күн электр станциясы тургундардын күндүзгү электр муктаждыктарын 50 пайыз өлчөмүндө камсыз кылып берет. Бул болсо, тургундардын жашоо-шартын гана жакшыртып калбай, аймактын экономикалык өнүгүшүнө да салым кошо алат.
Бул күн электр станциясынын пайда болушу – Тажикстан өкмөтү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) жана “Памир Энерджи” компаниясынын өз ара биргелешкен аракетинин үзүрү. Кезегинде өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министрлиги ЮСАИДге Мургабды электр кубаты менен камсыз кылуу үчүн күн электр станциясын куруу долбоорун сунуштаган.