Быйылкы 18-сентябрда өткөрүлгөн “Тазалыктын дүйнөлүк күнү” акциясынын жыйынтыгында ага катышкан ыктярдуулар саны боюнча 190дон ашык өлкөнүн ичинен Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу “Эко деми” коомдук фондусунун уюштуруучусу, «Let’s Do It World» уюмунун Кыргызстандагы расмий өкүлү Айжан Чыныбаева “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Бул глобалдуу жарандык кыймылдын президенти Хейди Солбанын расмий билдирүүсүнөн маалым болгондой, жыл сайынкы бул иш-чара планетаны жакшырткысы жана таза туткусу келген бүткүл дүйнөдөгү жарандарды бириктирүүнү жана алардын катарын кеңейтүүнү максат кылат. Быйылкы жылдагы тазалык акциясына 191 өлкөдөн 60 миллион ыктырдуулар катышкан. Х. Солба «Let’s Do It World» командасынын Кыргызстандагы өнөктөштөрүнө жана ыктыярдууларына ыраазылык билдирип, ага 513 миң 505 киши, өлкөнүн калкынын 9 пайызы катышканын бегилеген.
Өлкөнүн аймактары боюнча алганда, бул акцияга Ысык-Көл областынан 46 миң 815 киши, Баткен областынан – 43 миң 551, Нарын областынан 27 миң 419, Жалал-Абад областынан 114 миң 200, Талас областынан 25 миң 190, Чүй областынан 91 миң 648, Ош областынан 121 миң 846, ал эми Бишкек шаарынан 42 миң 836 киши катышкан. Өлкө боюнча 3 миң тонна таштанды чогултулуп, анын 89 тоннасы кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн.
Эгер салыштыра келсек, 40 миллион калкы бар Италияда бул акцияга катышкандар саны 400 миң (жалпы калктын 0,1 пайызы), 200 миллион калкы бар АКШда 1 миллион 950 миң (0,05%), 150 миллион калкы бар Индонезияда 1 миллион киши катышканы маалым.
Кыргызстанда бул маанилүү акцияга өкмөт башчы Улукбек Марипов баштаган шаар мэрлери маани берип, колдоого алышкан. Ишембиликке мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык ишканалардын, эл аралык уюмдардын, ыктырдуулар секторунун өкүлдөрү активдүү катышышты. Шаарлардагы эң булганган аймактардын картасы түзүлгөн, Бишкектин өзүндө эле ушундай 100 участкада ыктырдуулар таштандыдан арылтуу иштерин алып барышкан.
Айжан Чыныбаева бардык катышкандарга ыраазылык билдирүү менен Тазалыктын дүйнөлүк күнүндөгү мындай акцияларда Кыргызстан үчүнчү ирет алдыга чыкканын белгиледи. Ошондой эле бул багыттагы аракеттерди күчөтүү менен «Эко Деми» өкмөткө бир катар сунуштар менен чыгып жатканын, активисттер таштандыларды утилдештирүү боюнча Казакстандын тажрыйбасын алып, өндүрүүчүлөр аны үчүн каражат бөлүү керектигин айтты. Ошондой эле эксперттер жана ушул багыттагы уюмдар менен бирдикте таштандыларды башкаруунун 20 жылдык стратегиясын иштеп чыгуу сунушу, дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүү менен Бишкек жана Ош шаарларында түрк компаниялары тарабынан таштанды өрттөөчү заводорду куруу боюнча коомдук угууларды уюштуруу жагы да бар.
-Жүз ишкана үчүн 100 аймакты аныктоо боюнча конкреттүү долбоор бар, анда ар бир ишкана жаратылыш койнундагы бир участок үчүн жоопкерчиликти алат, жыл ичинде аны көрктөндүрөт, тазалыгын камсыздайт. Жыл жыйынтыгы менен мыкты чарбачыл ишкана аныкталат, — дейт А. Чыныбаева.
“Чистый Ысык-Куль” коомдук фондусунун директору Анвар Шамсутдинов көлгө балыктар менен куштарга браконьерлердин торлору зыянын тийгизип жатканын, акыркы жети жылда дайверлер көлдөн 20 миң метр (2021-жылы эле 14 миң метр) эски балык кармагыч торлорду алып чыгышканын айтат.
Ал эми экоактивисттер Гамал Сооронкулов менен Владислав Ушаков Кыргызстандагы экологиялык жактан начар аймактарды аныктоо жана каттоо боюнча масштабдуу иштерди алып барышууда. Өткөн жылдын аягында бул эксперттер Бишкекте өлкөнүн көйгөйлүү участкаларын көрсөткөн Ecomap электрондук картасын жарыялашкан.
Эске сала кетсек, «Эко Деми» коомдук фондусу 2017-жылдан бери эл аралык Let’s Do It уюмунун расмий өкүлү жана “Тазалыктын дүйнөлүк күнү” акциясынын Кыргызстандагы координатору болуп саналат. 2018-жылы КР өкмөтүнүн колдоосу менен акцияга 400 миң киши жана 6 миң уюмдар катышып, 8 миң тонна таштанды чогултулган. Кийинки жылы бул акцияга 624 миң киши же Кыргызстандын калкынын 10 пайызы катышкан. Бул дүйнө боюнча жогорку көрсөткүч болгон. Ал эми 2020-жылы пандемияга карабастан 20 миң киши акцияга катышып, 590 тонна таштанды, анын ичинен 290 тонна пластик, айнек калдыктары чогултулган жана кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн.