Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында Жалал-Абад областы боюнча 2 миллиард 459,3 миллион сомдук капиталдык инвестициялар тартылып, бул салыштырма баалар менен алганда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79,9 пайызды түздү. Жалпы республикадагы негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмүнүн 9,7 пайызын камсыз кылды. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.
Ички инвестициялар республикалык бюджеттин жана ишкана-уюмдардын эсебинен көп болуп, жергиликтүү бюджет менен калктын каражаттарынан азайып кеткен. Мисалы, ички инвестициянын жалпы көлөмү 1 миллиард 239,4 миллион сомго жетсе, ал өткөн жылдын төрт айындагы инвестиция көлөмүнүн 85,5 пайызына туура келет, же 210,3 миллион сом аз тартылган. Анын ичинен, республикалык бюджеттен тартылган инвестиция 80,5 миллион сомду түзүп, 28,5 миллион сомго, ишкана жана уюмдардын эсебинен 342,9 миллион сомдү түзүп, 82,6 миллион сомго көп болду. Ал эми жергиликтүү бюджеттен инвестиция тартуу көлөмү 7,2 миллион сомду түзүп, өткөн жылга караганда 60,5 миллион сомго, калктын жана башка тараптардын каражаттарынан инвестиция тартуу 808,9 миллион сомду түзүп, өткөн жылдан 260,8 миллион сомго аз болду.
Сырткы инвестиция тартуу көлөмү да азайып кеткен. Башкача айтканда, 1 миллиард 219,9 миллион сомдук инвестиция тартылып, өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 76,5 пайызды түздү, же 373,7 миллион сомго аз болду. Анын ичинен, тике чет элдик инвестициянын көлөмү 322 миллион сомду түзүп, өткөн жылга карата 430,8 миллион сомго азайган. Деген менен чет элдик кредиттен түшкөн инвестиция 818 миллион сомго жетип, өткөн жылдан 35,2 миллион сомго, чет элдик гранттардан жана гуманитардык жардамдан түшкөн каражат 79,9 миллион сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 21,9 миллион сомго көбөйдү