Туркиянын айрым мейманканаларында эми идиштерди жана телевизорду талкалап эс алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ошентип ал жактагы мейманкана элери эс алуучуларга “стресстерден арылуу бөлмөлөрүн сунуштап жатышат. Эс алуучулар идиштерди, компьютерди, телевизорду жана башка буюмдарды каалаганча талкалашса болот. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Аланья аймагындагы мейманканалардын биринде эс алуучуларга rageroom (кардуу бөлмөлөр) бөлмөлөрүн сунуштап жатышат. Эс алуучулар атайын кийимдерди кийип алып, бөлмөдөгү бардык буюм-тайымдарды талкалап, “жыргап алса” болот. Мейманкана ээлери келгендердин эс алуусун ар түрдүүлөп, аларга кошумча шарт түзүп жатышканын айтышат.
Алынган маалыматка караганда, мындай жол менен стрессти жазуу ыкмасын польшалык фантаст-жазуучу Станислав Лем ойлоп тапкан. Ал өзүнүн чыгармаларында ушундай “стресс-бөлмөлөр” тууралуу жазган.
Мейманкана ээлеринин айтымында, мындайча эс алуу бөлмөлөрүнүн кызматын негизинен ишмердиги бизнеске, IT-технологияга байланышкан 18-38 жаштагы эркектер көрүп атышыптыр.
Анан калса, “стресс-бөлмөлөргө” көбүрөөк Скандинавия, Германия, Нидерланды жана Улуубритания өлкөлөрүнөн келген туристтер көп баш багышууда.