Түндүк Кореянын мамлекеттик ММКлары ооруп жатат же каза болду делген өлкө лидери Ким Чен Ын активдүү жашап, иштеп жатканын кабарлашууда. Бул тууралуу түндүк кореялык Yonhap жана РИА Новости агенттигине шилтеме берүү менен lenta.ru бүгүн жазып чыкты.
Кабарлангандай, КЭДРдин радиостанциясы өлкө башчысы Ким Чен Ын Самчжиён шаарын түзүүдө жардам берген жумушчулар менен кызматкерлерге алкыш айтканын билдирген, бирок ал аны качан же кай жерде айтканы белгисиз. Андан тышкары, Кореянын борбордук телеграф агенттиги 25-апрель, ишемби күнү Түндүк Кореянын лидери Россиянын Федерациясынын Коммунисттик партиясынын жетекчиси Геннадий Зюгановдон Ким Чен Ындын Россияга келип-кетишинин жылдыгын урматына куттуктоо алганы кабарланды.
Ошол эле 25-апрель күнү кечинде кытйлык Weibo социалдык тармагында Гонконгдун HKSTV телевидениесинин вице-директору Ким Чен Ындын каза болгонун кабарлаган. Ал маалыматты “мартабалуу булактан” алганын билдирген. Деген менен, Япониянын Shukan Gendai журналы КЭДРдин лидери жүрөккө жасалган операциядан кийин калыбына келтирүү абалында жатканын жазып чыккан. Ошол эле кезде Ким Чен Ын таажылуу вирустан сактануу үчүн Пхеньяндан чыгып кетип, Япон деңизинин Чыгыш-Корей булуңудагы жеке менчик пляжда жатканы тууралуу да кабар тараган. Андан кийин курорттук Вонсан шаарында поездди көрүп калышкан, ал өлкө лидерине таандык болушу керек деген күмөн жаралган.
Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу ар кандай кептер анын чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган 15-апрелдеги салтанатуу иш-чарага ал катышпай калгандан кийин тарай баштаган. Ага чейин төрт күн мурда ал өкмөттүк жыйынга катышып, андан соң коомчулукка чыккан эмес. Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп анын ден соолугуна “кыжаалат” болуп жатканы тууралуу брифинг учурунда билдирген.