Жалал-Абад шаарынын мэринин кабылдамасында чөнтөк телефону жоголсо, шаардык кеңештин депутаттары жарым саатта позицияларынан тайып, ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Саясий оюндун чоо-жайы.
Сөз башында тактай кетсек, Төлөн Бакиров өткөн жылдын июль айынан тарта “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгын жетектеп келген чиновник. Ага чейин “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесин жетекчиси болуп иштеген. Жогорку кеңештин депутаты жана төраганын орун басары Мирлан Бакировдун бир тууган иниси.
Адаттагыдай эле ар аптанын башында шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери мэрияга аппараттык жыйынга чогулушкан. Жыйындан кийин коммуналдык кызматтын жетекчиликтерин мэрдин кабылдамасына чогулушка чакырышкан. Башка жетекчилердин катарында Төлөн Бакиров да чөнтөк телефонун кабылдамадагы катчы кызга калтырып, ичкери кирип кеткен. Арадан бир саат өтүп, жыйындан чыкканда телефонун калтырган жерден таппай калат.
Бул тууралуу Т.Бакиров ички иштер кызматына арыз менен кайрылган. Областтык ички иштер башкармасынын билдиришинче, мекеме жетекчиси 29 миң сомдук телефону жоголгондугун айтып, арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине уурулук фактысы менен катталып, териштирүү иштери башталган. Кызыгы, милиция текшерген учурда мэриядагы видеобайкоочтон ошол күнкү жазуулар өчүрүлүп калган экен.
Андан бир жума өтпөй, тагырагы 30-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушат. Анда күн тартибиндеги 9 маселе калып кетип эле депутаттар “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү талкууга алышты. Бул демилгени депутат Шайырбек Ташиев көтөрүп чыккан. Ал аталган мекеме жетекчисинин ишиндеги кемиликтерди жүйөө катары келтирип, каржы полициясы текшерген учурда 80 миң сом каражат максатсыз пайдаланылгандыгын, Т.Бакировдо Орусия жарандыгы бар экендигин айткан.
Бирок, депутаттар демилгени колдошкон жок, биринчи добуш берүүдө Т. Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү колдоо таппады. Тактап айтканда, депутаттар аз добуш берип, ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушу өтпөй калды. Анан эле ортодон он минуттук танапис жарыялоо сунушун көтөрүп чыгышты. Ошентип, он минуттук эс алуу жарыяланып, ал жарым саатка созулду. Танапистен депутаттар таптакыр башка позиция менен кайтып келишти. Добушка коюлуп, сунушу өтпөй калганына карабастан Т.Бакировдун темасы кайра коюлуп, анда депутаттардын көпчүлүгү Т. Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.
Ал эми Төлөн Бакиров өзү муну саясий оюн деп баалады. Анткени 80 миң сом каражат максатсыз пайдаланылган эмес, ал боюнча түшүндүрмө берилген. Ал эми 2009-жылы кош жарандуулукка уруксат болгон учурда Орусия жарандыгын алып, кийин муниципалдык кызматка келгенде 2011-жылы кайра аны тапшыргандыгын билдирди. Ал боюнча тийиштүү документтери жана далилдери бар экенин айтат.
Кыскасы, шаардык кеңештин депутаттары сессияда таң калыштуу позициясы менен эсте калышты. Ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө мыйзамдуу далил, аргументтер болбоду, анан калса биринчи көтөрүлүп, оңунан чыкпай калган иш кайра көтөрүлдү. Мунун баары мэрия менен шаардык кеңеште саясий интрига барлыгын ырастап койду.
Албетте, шаарда депутаттар талкуулай турган өтө орчундуу маселелер бар, бирок алар негедир сессияда талкууланбай келет.