Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эл арасында жаралган көйгөйлөрдү көбүрөөк карап, чечүү итери колго алынды. Анын алкагында
«Милициянын көчмө кабылдамасынын» иши жандандырылып, айыл аймактарына быйыл жыл башынан бери 37 жолу чыгууларуюштурулган. Анын натыйжасында жалпысынан75 атуулдун арызы кабыл алынса, анын ичинентаза суу жана жолбун иттерди жок кылуу сыяктуу ар түрдүү маселелер менен 42, коопсуздук багытында 12 арыз-даттануулар каралган. Ошондой эле 31 адамдын арызы жеринде каралып, тийиштүү деңгээлде чечилген. Бул тууралуу областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, милициянын көчмө жыйыны эл менен өз ара мамилени чыңдоо максатында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан түзүлүп, каржыланып келет.
Белгилей кетүүчү жагдай, аталган уюм тарабынан ар бир аймактын жер шартына жараша буга чейин атайын жабдылган автоунаалар берилип, күйүүчү майына чейин каржыланып келүүдө.