Бишкектеги Эл аралык медициналык институту жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорунун зыянын азайтуу Концепциясын илгерилетүү боюнча илимий-изилдөө ишинин алкагында, 14-марттан 18-мартка чейин борбор калаанын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында алкоголдук ичимдикти ичүүнүн жайылышы боюнча изилдөө жүргүздү. Социологиялык сурамжылоого 18 жаштан 25 жашка чейинки КММА, КРСУ, КТУ, КМКТАУ окуу жайларынан 450 студенти катышты.Бул аталган окуу жайынан билдиришти.
«Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн жугуштуу эмес орулардын көйгөйү актуалдуу бойдон калууда. Анткени жугуштуу эмес оорулар саламаттыктын начарлашынын жана өлүмдүн башкы себепкери болуп саналат. Алар тобокелдиктин көрсөткүчүнүн төрт факторуна негизделет: тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги жана алкоголду ашыкча пайдалануу. Акыркы көйгөй социалдык категориянын студенттер сыяктуу тобун кыя өтпөйт», — деп белгилейт изилдөөнүн автору Альфия Самигуллина.
Сурамжылоого ылайык, спирт ичимдигин колдонуу – Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында кеңири тараган көрүнүш. Сурамжылоодон өткөндүрдүн олуттуу бөлүгү муну уят же адепсиз нерсе деп эсептебейт, алар алкоголдук ичимдикти ичүүнүн кесепеттери жана ден соолукка тийгизген зыяны жөнүндө ойлонушпайт.
Суралгандардын 70 пайыздан ашыгы бойго жеткенге чейин эле ичимдик ичүүнүн алгачкы тажрыйбасына ээ болушкан. Болжол менен үчтөн бир бөлүгү (29%) алкоголдук ичимдикти биринчи жолу үйдө, үй-бүлөсү жана туугандары менен, ал эми 21% — көчөдө ичишкен. Бул тынчсыздануучу фактор болуп саналат.
Болжол менен 10 пайызы спирт ичимдиктерин бат-баттан — жумасына бир нече жолу же күн сайын ичишет. Суралгандардын 22 пайызы көбүнчө күчтүү алкоголдук ичимдиктерди: арак, коньяк, вискини тандашат.
Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү спирт ичимдиктери ден соолукка зыян тийгизээрин билгени менен студенттер аны колдонууну улантууда. Болжол менен 15 пайызы мас болгонду жакшы көрөөрүн моюнга алышты.
Суралгандардын дээрлик жарымы аракечтиктин жайылышынын негизги себеби, алкоголдук ичимдиктин оңой жеткиликтүүлүгүнөн көрүшөт. Үчүнчү бөлүгү, алкоголдун зыяндуулугун, аны үзгүлтүксүз колдонуунун кесепеттерин жана сергек жашоо образын пропагандалоого көбүрөөк көңүл буруу керек деген ойдо. Ал эми 42 пайызы таасири аз алкоголдук ичимдикти туура ичүү маданияты менен айкалыштырса, алкоголизм көйгөйүн жана андан келип чыккан проблемаларды, анын ичинде тиричилик зордук-зомбулугу, жол кырсыктары, боор орусунун өнүгүшү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн болот, деп эсептешет.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Зыянды азайтуу концепциясы (ЗАК) – бул жаман адаттардан келип чыккан жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштө өнүккөн өлкөлөрдө популярдуулукка ээ болуп жаткан комплекстүү иш-чара. ЗАК адамдын никотин, алкаголь, туз, кант жана калориялуу тамак-ашка болгон көз карандылыгын эске алат. Концепция “жеңил күч” ыкмасын колдонууну сунуштайт. Мында тыюу салуунун ордуна зыяндуу продуктыны илимий жактан азыраак зыяндыгы аныкталган альтернативалык жолго алмаштырууну тандоо укугу сунушталат. Бул учурда, ЗАК салттуу жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүнүн иш-чараларынын натыйжалуулугун толуктайт жана жалпы саламаттыкты сактоо максаттарына жеткирет.