Швециянын баш калаасы Стокгольмдун четиндеги дарылык булактары менен атагы чыккан Sätra brunn айылы сатыкка коюлду. Аны каалаган киши сатып алса болот. Бул тууралуу эл аралык сайттарда кабарланды.
Бул Sätra brunn айылынын аймагы жоопкерчилиги чектелген компания катары белгиленген, ошондуктан да аны 24 гектар аймактагы айылы жана 34 гектар өздөштүрүлбөгөн жери менен өлкө жарандары, ошондой эле чет элдиктер да сатып ала алат. Айылда турак үйлөрү, чиркөө, оорукана жана спа-борбору жайгашкан. Айылды сатуу баасы 6,6 миллион евро деп табылды.
Аталган айыл 1700-жылы Самуэль Скрагге атуу врач дарылык булактын көзүн ачкан кезде пайда болгон. Ал аймакты сатып алып, кудук, турак үйлөрдү, оорукананы жана чиркөөнү курган. Ал эми 1940-жылы айылды адегенде жергиликтүү епископ, андан соң Стокгольм университети, андан да соң айылда спа-курортун ачып иштеткен ишкерлер тобу сатып алган.
Азыр бул айыл өз кожоюнун дагы бир жолу алмаштырганы калды. Баса, бул айыл Швециядагы эң эле таза булак суусу бар жети аймактын бири эсептелет.