Кыргызстанда райондордун акимдери ротацияланды – орун которуштурду. Мындай кадам жышаан түндүк-түштүк ажырымына чекит коюп, кадрлардын таза жана астейдил иштөөсүнө, өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүүсүнө өбөлгө жаратат деген ишенич бар. Ушул ротациялоого акимдердин пикири кандай? Алардын иши эми жакшырып кетеби? Алардан эмнени күтсө болот? Ушуларды эске алуу менен Ош областына караштуу Араван районунун жаңы акими, эр ортону элүү жаштагы айыл чарба илимдеринин кандидаты Сейтек КУЛУБАЕВди кепке тарттык.
— Сиз дегеле Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү кадрларды ырааттуу түрдө ротациялоо саясатына кандайча карайсыз? Дал ушинтип эмдигиче кендирибизди катуу кесип келаткан түндүк-түштүк ажырымына чекит коюларына ишенесизби?
— Жетекчилерди ротациялоо бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы деп ойлойм. Адам фактору коомубузда чечүүчү ролду аткарып жатканда, дал ушундай кадамга баруунун өзү – жакшы жышаан. Акимдерди, Министрлер кабинетинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жер котортуп иштетүү, ириде коррупцияга, жердешчиликке бөгөт коёт. Тааныш-билишчиликти, жердешчиликти жана уруучулукту токтотот. Мындан ташкары, мамлекеттик жетекчи кызматкерлерди тегиз аттестациялоо да мезгил талабындагы аракет. Бул сынактан ийгиликтүү өткөндөрдү гана Президентибиз өзү жеке кабыл алып, ара чолодо өз ара аңгемелешип, анан дагы ар тараптуу сынап жатпайбы.
— Сиз мурун-кийин Араван жергесин билчү белеңиз? Анткени, “Тоокту сойсо да касапчы сойсун” дешет эмеспи элибиз. Аймакты өмүрүндө көрбөсөңүз, анда кантип Араванды башкарасыз? Анан дагы ийгиликтерди жаратасыз?
— Бир канча жылдар бою Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде “Мал чарбачылыгы жана базарды өнүктүрүү” долбоорунун кеңешчиси, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдигинде коомдук кеңешчи, Дүйнөлүк Банктын “Жайытттарды жана мал чарбачылыгын жакшыртуу” долбоорунун координатору вазийпасын аркаладым. Ошондой эле 2019-жылдан тартып кайрадан Нарын областынын Ак-Талаа районунун акими кызматын аткардым. Араван району тууралуу билем, ошондуктан иште кыйналбайм деп ойлойм.
— Дайындалган соң, эми Аравандагы жумушуңузду эмнеден баштадыңыз?
— Араван районунун бүгүнкү ички мүмкүнчүлүктөрүн жеринде абдан дыкаат жана ар тарабынан иликтедим. Чындыгында, ички дүң продукцияларыбыздын көлөмүн азыркыдан беш бетер көбөйткөнгө дараметибиз жетиштүү экен. Буга улай айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетип, чет өлкөлөргө байма-бай экспорттосок, албетте, мындан деле утчудайбыз. Ошондуктан, бул өңүттө жергиликтүү ишкерлер, бизнес структуралар, дыйкандар жана фермерлер менен тыгыз кызматташып жатабыз.
— Айтмакчы, тээ Союз маалында Араван “ак алтыны” менен даңкталчу эмес беле?
— Туптуура. Ошол кездеги — Советтер Союзунун маалындагы даңкын Араванга кайрадан кайтарсак, абдан сонун болот эле. Районубузда беш пахта заводу бар экен. Булардын экөөсүнүн директору менен бетме-бет сүйлөшүп, пахтаны азыркыдан дагы арбын өндүрүүнү, ошондой эле ак буладан заманбап кездемелерди өндүрүүнү масилеттештик. Аман турсак, бул изги идеябыз жакынкы жылдарда сөзсүз чындыкка айланат.
— А Аравандагы цемент заводдору кантет?
— Араван жергесинде эки ири цемент заводу жайланышкан. Буларды бара-бара кеңейтүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн азыркыдан жогорулатуу өтө зарыл. Биз ушул нерсенин үстүндө ойлонуп жатабыз.
— Канткен күндө дагы баарын кадрлар чечет эмеспи. Араван райондук акимчилигиндеги эт менен челдин ортосунда эптеп күн өткөрүп жүрүшкөн ортосаар кадрлардан качан арыласыз?
— Мунун үстүндө мен эмес, дал ошондойлор — ортосаар кызматкерлер өздөрү ойлонушсун. Менин табиятым ушундай, эт менен челдин ортосунда эптеп-септеп жүргөндөр менин саарлашым жана санаалашым эмес. Бирин дагы куугунтуктабаймын. Бирок, алар бул жердеги жумушу менен өздөрү эле кош айтышкыдай кыламын.
— Айтылуу Төө-Моюн анклавы дагыле көңүл сыртында калып кеткендей-го?
— Жок. Аравандагы Төө-Моюн анклавына сиз келээрден мурда эле сапар тартып, жергиликтүү калктын муң-зарын тыңдап кайткамын. Булар, эң башкысы, ушул тапта сугат сууга өтө зар экен. Муну Ноокат районундагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушуп, акырында бир жаңсыл чечтик. Мындан ары Төө-Моюнда пахтага, эгин-тегинге, жүгөрүгө, гиласка, алма бактарына жана элдин малына суу жетиштүү, үзгүлтүксүз берилип турат.
— Сейтек мырза, район акимдеринин жана Министрлер кабинетинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дайындалышына жеке позицияңыз кандай? Анан дагы Жогорку Кеңеш депутаттарынын аймактардан шайланышын кубаттайсызбы?
— Күчүнө кирген Баш мыйзамыбызга ылайык, мындан ары Кыргызстанда областтардын жана райондордун жетекчилери Президент тарабынан дайындалат. Бул, биринчиден, жоопкерчиликти гана күчөтөт. Экинчиден, сурагы дагы абдан катуу болот. Үчүнчүдөн, район-шаарларга жана областтарга кесипкөй гана жетекчилердин келишин шарттамакчы. Ал эми Жогорку Кеңешке депутаттардын бир бөлүгүнүн аймактардан келиши шарт. Мындан тышкары, партиялык квота дагы кендирибизди кескен коррупцияга жана трайбализмге акыры чекит коёт деген ойдомун.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.