Россияга карата киргизилген санкциялар кыйла зыянын тийгизип жатканы маалым болду. Россиянын өкмөтүнүн 2014-жылы киргизген азык-түлүк контрсанкцияларынын натыйжаында россиялык керектөөчүлөр жылына 2013-жылдагы баалар менен алганда 445 миллиард рубль зыян тартып жатышат. Бул тууралуу “Коммерсантъ” гезити жазып чыкты.
Бул беш жылдык азык-түлүк эмбаргонун кесепеттерин иликтөөдө анык болду. Ал эми жалпы зыяндын суммасынын 84 пайызы россиялык өндүрүүчүлөргө, 3 пайызы импорттоочуларга тийиштүү. Ал эми беш жыл ичинде импорттун ордун толуктоо иши помидор, чочко этин жана канатуулар этин өндүрү жагынан гана ийгиликтүү болду.
Россияга карата колдонулган санкциялардан айрым азык-түлүк жөнөтүчү өлкөлөр утканы да аныкталды. Мисалы, баасы кымбат продукция жөнөтүү менен Белорусия 78 пайыз, Аргентина 6 пайыз, Швейцария 4 пайыз, Уругвай 3 пайыз, Чили 3 пайыз пайда көргөн. Санкциялардан улам келген зыянды россиялык керектөөчүлөр чөнтөгүнөн төлөп жатышат.