Быйылкы жыл өлкө башчысы тарабынан региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп аныкталды. Коомдун кеңири чөйрөсү санариптештирилүүгө тийиш, бирок бул багытта китепканалар кандай өзгөрөт?
Жалал-Абад областык китепканасынын башчысы Сейилхан Аталиева быйылкы жылга карата 300 китепти санариптештирүүнү пландаштыргандыгын билдирди.
-Жыл сайын китепканачылардын областык форумун өткөрөбүз, быйыл санариптештирүү жылына карата басым жасап уюштурдук. Конкурстун жыйынтыгында бизде 60 китеп электрондоштурулат, буга чейин 50 китеп электрондоштурулган. Үстүбүздөгү жылы 300 китепти электрондоштурууну колго алуудабыз, — дейт С. Аталиева.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областынын 13 район-шаарларында 195 китепкана бар. Алардагы китеп фондусу 2 миллион 250 миңди түзөт.