Россиялыктардын ипотека боюнча карызынын көлөмү 7 триллион рублга жетти. FinExpertiza эл аралык аналитикалык-консалтинг тармагынын адистеринин айтымында, мындай абал Россиянын тарыхында биринчи жолку көрүнүш. Бул тууралуу «Ленты.ру» жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, 2014-жылдан бери карай жарандардын ипотекалык карыздары 3 эсеге же 2,6 триллион рублга көбөйүп кеткен. Быйылкы жылдын биричи жарымында россиялыктардын ипотека карыздарынын жалпы көлөмү 9,4 пайызга же 592,2 миллиард рублга өскөн. Эгер быйылкы жылдын башында карыздын жалпы көлөмү 6,4 триллион рубль болсо, жарым жылдын жыйынтыгы мнен 7 триллион рублдин чегинен ашып кетти.
Россиялыктардын ипотека карыздарынын үчтөн бири же 36 пайызы Москва шаарына, Москва областына жана Санкт-Петербургга туура келет. Москванын өзүндө ипотека карыздарынын көлөмү 822 миллиард рубль, Подмосковьеде – 587,2 миллиард рубль, Петербургда – 431,8 миллиард рубль. Эң аз карыз көлөмү Ингушетиянын тургундарына тиешелүү – 1,2 миллиард рубль. Ошондой эле Ненец автономиялык округуна 3,65 миллиард рубль, Чукот автономиялык округуна 3,3 миллиард рубль туура келет.
FinExpertiza тармагынын директорлор кеңешинин төрайымы Елена Трубникованын айтымында, мындай карыздын пайда болушуна калктын каржылык сабатсыздыгы себеп болууда. Жарандар карызды “эптеп төлөнүп калар” принциби менен алып, өздөрүнүн кирешелерин жана кийинки келип чыгуучу кыйынчылыктарды эске албай жатышат.
Деген менен, статистика көрсөткөндөй, калктын ипотекага болгон суроо-талабы деле азайып кетүүдө. Быйылкы жарым жылда жаңы курулуштар аймагындагы турак жайларга карыздарды өткөн жылдын ушул мезгилине алыштырмалуу 17 пайызга аз алышкан.