Жалал-Абад областында быйылкы жылы айыл чарба продукцияларын көбүрөөк өндүрүп алуу аракеттеринин алкагында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө 339,5 миллион сомдон ашык насыялар берилди. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын 4-майына чейинки мезгилде “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында областтагы айыл чарба товарларын өндүрүүчү 563 субъектиге жалпы суммасы 339 миллион 647 миң сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген 10 пайыздык жана кайра иштетүү тармагына 6 пайыздык насыялар берилген. Анын ичинен, талаачылыктагы 124 субъект 62 миллион 290 миң сом, мал чарба багытында 430 субъект 197 миллион 357 миң сом, кайра иштетүү тармагындагы 9 субъект 80 миллион сом өлчөмүндө насыяларды алышкан.
Андан тышкары, агрардык тармакты айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу багытында «Айыл банк» ачык акционердик коому аркылуу областтын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө жалпысынан 14 даана айыл чарба техникалары, анын ичинен 10 трактор жана 4 айыл чарба шаймандары лизинг шарттарында берилген.