www.versia.kg
Воскресенье, Май 18, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: КАЙРЫМДУУЛУК ЧИРКӨӨНҮ САКТАП КЕЛЕ ЖАТАТ

23.03.2019
0 0
0
SHARES
94
Просмотры
Бөлүшүү

ЖАЛАЛ-АБАД: КАЙРЫМДУУЛУК ЧИРКӨӨНҮ САКТАП КЕЛЕ ЖАТАТ

 Жалал-Абад шаарындагы православдар храмы өткөн кылымга таандык. Ошентсе да урабай бүгүнкү күнгө жетип келди. Чиркөөнү сактап, өнүктүрүп жаткан сыр бул – кайрымдуулук.

Жалпы област аймагында христианчылык багыттагы 21 диний уюм бар. Алардын арасында эң активдүүсү — православ чиркөөсү. 1943-жылы биринчи жолу Жалал-Абад шаарында православдар коому түзүлгөн. 1945-жылы катардагы тургундун турак үйүн сатып алып чиркөөгө айландырышкан. 1948-жылы расмий катталып, иштей баштаган. Майрамдарда чиркөөгө баш баккандардын саны 130-140 кишиге жетет. Ал эми кадимки жекшемби күндөгү сыйынууга 30-40, аба-ырайына байланыштуу күн ачык күндөрү шаар четиндеги айылдардан келчүүлөр көбөйүп  50 адамга чукулдайт. 20 га чукул шаар тургуну кадам үзбөй каттап, чиркөөнүн коомдук турмушун терметип турат.

-Саламыбыз түз. Ушул эле жолдон мусулмандар мечитке өтөт. Тааныштар болсо, жакшы учурашабыз. Биздин майрамда куттук айтып коюшат, биз да алардын майрамында куттук айтып коёбуз. Эмнеге бөлүнмөк элек. Эң башкысы, алар Куран, биз Инжил менен жашайбыз, экөө тең Кудайдан түшкөн, — дейт чиркөөнүн баш попу Сергий Арбузов.

Ар жекшемби күнкү сыйынууда негизги коңгуроолорду да чиркөө кызматкерлери өз кол эмгеги менен жасашкан. коңгуроону чала билүү үчүн да атайын окуп үйрөнүү керек. Проваславдар кийинки муундарга диний билим берүү жагын да колго алышкан. “Воскресная школа” мектеби уюштуруп, ага ар жекшембиде эң көп дегенде 14 жашка чейинки 40ка жакын окуучу келет. Диний сабаттуулук менен чектелбей окуучулар театр, музыка ийримин да кошо үйрөтүшөт.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан чиркөө сүрөттөрдүн көптүгү менен да өзгөчөлөнөт. Дубалдардын туш-тарабы портреттерге толгон. Алардын арасында өтө эски болсо сакталып келе жаткан сүрөттөр бар.

Бүгүнкү күндө чиркөөнүн абалы жакшы. Анткени жазы-жайы менен ремонт иштерин жүргүзүп, камкордук көрүшөт. Ал үчүн жалпы чыгымдар, дегеле чиркөөнүн чыгымдары, коммуналдык төлөмдөр, майрамдарды белгилөө жана башка иш-чараларынын каражаттарын кайрымдуулуктун өзү жаап келе жатат.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад областында христианчылык багыттагы 21 диний уюм бар. Католиктер, протестанттар, алардын катарында евангелдик баптистер, жахаба күбөлөрү, “элүүнчүлөр” деген сыяктуу уюмдар бар. Шаар боюнча алсак, 8 уюм дин иштери боюнча комиссиясынан уруксат-кубөлүк алып, иш алып барышууда. Облуста 4 православ чиркөөсү бар. Алар Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларында.

 Роза АКМАТЖАН кызы.

Мурдагы пост

ЭТСИЗ ЖАШАЙЛЫБЫ?

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАЛГЫЗ ФЛЮОРОГРАФИЯ ЖАРАКСЫЗ ИМАРАТТА ЖАТАТ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАЛГЫЗ ФЛЮОРОГРАФИЯ ЖАРАКСЫЗ ИМАРАТТА ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАЛГЫЗ ФЛЮОРОГРАФИЯ ЖАРАКСЫЗ ИМАРАТТА ЖАТАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In