Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев пандемия убагында каармандыкты көрсөтүп, ар кандай сыноолордон өтүүдө өзгөчөлөнгөн атуулдарга берилүүчү “Мехр-саховат” (боорукердик жана берешендик) төш белгисин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги билдирди.
“Мехр-саховат” төш белгиси жезден 34 миллиметр диаметрде жасалат жана аны менен өзбекстандыктарды да, чет элдиктерди да сыйлашат. Негизинен кайрымдуулук, соопчулук иштерин жасагандар, коомчулукка жакшылыгы тийгендер, калктын социалдык аярлуу бөлүгүнө көңүл бургандар ушул төш белгини алууга татыктуу болушат. Ошондой эле коомдо кыйынчылык жаралып, өзгөчө кырдаалдар орун алган кезде өзүнүн берешендигин көргөзүп, коом үчүн