Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасы оройлук (хамство) жасаган чиновниктерге 150 миң рублга чейин айып пул салуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Мыйзамдын акыркы редакциясында кемсинтүү түшүнүгү тууралуу аныктама берилген. Анда кемсинтүү жалпы кабыл алынган мораль жана адептүүлүк нормаларына туура келбеген аракет, жүрүм-турум катары аныкталган. Ал жай турмушта, интернет айдыңында да бир кишиге же бир нече кишилерге карата жасалышы мүмкүн.
Эми кемсинткени үчүн жарандарга 3 миңден 5 миң рублга чейин, ал эми чиновниктерге, кызмат адамдарына 30 миңден 50 миң рублга чейин, юридикалык жактарга болсо, 100 миңден 200 миңге чейин айып пул салына турган болду. Мурда айып пул өлчөмү дээрлик эки эсе өлчөмүндө аз эле.
Элдин көзүнчө бир же бир нече кишини кесинтүү үчүн айып пул жарандарга 5 миңден 10 миң рублга чейин, кызмат адамдары үчүн 50 миңден 100 миң рулбга чейин, юридикалык жактар үчүн 200 миңден 700 миң рублга чейин салынат.
Мыйзам боюнча эми кемсинтүүнү болтурбай коюу мүмкүндүгү бар, бирок кемсинтүүгө жол койгондор да жазалана турган болду. Мындай аракетсиздиги үчүн кызмат адамдарына 30 миңден 50 миң рублга чейин, юридикалык жактарга 50 миңден 100 миң рублга чейин айып салынат.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге да кемсинткени үчүн 50 миңден 100 миң рублга чейин айып пул салуу каралды. Эгер ушундай эле аракеттер кайталанса, анда айып пул өлчөмү 100 миңден 150 миң рублга чейин болот. Андан тышкары, чиновниктер кемсинтүү үчүн бир жылга, эгер кайталанса эки жылга чейин кызмат ордун ээлөөдөн четтетилет (дисквалификация).