Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) 10 миллиондон ашуун баланын ден соолугуна жана бейпилдигине кооптонуп жаткан учуру, анткени алдын ала божомолдор боюнча алар ушул жылы ачкалыктан жабыр тартышы толук ыктымал. Мындай жагымсыз кырдаал Конго Демократиялык Республикасында, Нигерияда, Суданда жана Йеменде болушу күтүлөт. Бул өлкөлөрдө ушул мезгилде азык-түлүк жетишпестигине жана таажы вирусуна байланышкан оор гуманитардык кризис өкүм сүрүп жатат. Бул тууралуу news.un.org жазып чыкты.
ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фордун айтымында, куралдуу конфликттер, климаттын өзгөрүшү боюнча келип чыккан табигый кырсыктар, таажы вирусуна байланыштуу пандемия чыныгы гуманитардык кыйроону алып келди. Кечээ эле болгон аракети менен балдарын ачка калтырбай багып келаткан ата-энелер бүгүн өздөрү да ачка калышууда. Буга мындан ары жол коюуга болбойт.
Эксперттердин божомолунда, 2021-жылы Конго Демократиялык Республикасында 5 жашка чейинки 3,3 миллион бала ачкалыктын азабын тартат. Ал эми Нигериянын түндүк жагында ушундай эле ачкачылыкка 800 миң бала дуушар болот, алардын көбү өлүм коркунучунда калышы кутүлөт. Өлкөнүн түндүк-батышында абал ого бетер кыйын: Кебби аймагында балдар арасындагы өнөкөт ачкачылыктын деңгээли 66 пайызды, Сокото аймагында ачкачылыктан улам аябай жабыр тарткан балдар 18 пайызды түзөт.
Түштүк Суданда кырдаал улам оорлоп баратат: 2021-жылы өлкөнүн 60 пайыз калкы же 7,3 миллион киши азык-түлүк жетишпестигин сезет, 1,4 миллион бала тамак-аштан кыйналат, бул 2013-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал куралдуу конфликттердин тынымсыз жүрүшүнүн кесепети болуп калды. Мындай кырдаалда медициналык тейлөөнүн, таза суу менен камсыз кылуунун, санитардык жана гигиеналык режимдин жетиштүү камсыз болушу тууралуу айтып отуруунун кажети жок.
Буркина-Фасо, Мали жана Нигер өлкөлөрүндө өз ара конфликттердин, аргасыз миграциянын жана климаттык кесепеттердин айынан 5,4 миллион киши кыйынчылыктарга кабылуусу толук ыктымал болууда. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул өлкөлөрдөгү тамак-аштын жетишпестик деңгээли 34төн 167 пайызга чейин өскөн. Йеменде болсо, 5 жашка чейинки 2 миллиондон ашуун бала ачкалыктын азабын тартууда. Өлкөнүн түштүгүндөгү 133 аймакта 1,4 миллион бала жашайт, 2020-жылдын январь-октябрь айларында ачкалыктын азабын тарткан балдардын саны 10 пайызга өскөн.
ЮНИСЕФ мындай оор абалда калган аймактардагы балдарды сактап калуу, абалды жакшыртуу аракетин жасоо менен эл аралык коомчулукка 1 миллиард доллардан ашуун каражат чогултуу чакырыгын салды. Бул каражаттар балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу жаатындагы маанилүү программаларга жумшалмакчы.