Дүйнөдөгү 3төн 17 жашка чейинки 1,3 миллиард бала жашаган үйдө интернет байланышы жок. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) жана Электр байланышы боюнча эл аралык союзунун биргелешкен докладында айтылат. Чыгыш Европа менен Борбордук Азия өлкөлөрүндө 35 миллион бала, же аймактагы бардык мектеп окуучуларынын 42 пайызы жашаган үйүндө интернет байланышы жоктугунан кыйналып келишет.
Докладдын автолорунун маалыматында, ушундай эле кыйынчылыкты студенттер – 24 жашка чейинки жаштар да тартып келишет. Дүйнө боюнча мындай жаштардын 759 миллиону интернеттин кызматынан пайдалана алышпайт.
-Ушундай үлкөн сандагы балдардын жана жаштардын үйүндө интернет байланышынын жоктугу санариптик чыныгы каатчылыкты көргөзүп турат, — дейт ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор.
Анын пикирине караганда, бүткүл дүйнөлүк желенин сыртында калган балдар көп нерседен куру калышат. Алар бүтүндөй сырткы дүйнөдөн сыртта калуу менен азыркы заманбап экономикада атаандаштык жөндөмүнө ээ боло алышпайт. Таажы вирусуна байланыштуу мектептер жабылып калган азыркы учурда балдар менен жаштар билимге ээ болуудан да калып калышууда.
-Түз эле айтышыбыз керек: интернеттин жоктугу кийинки муундун келечегин жокко чыгарат, — дейт ЮНИСЕФтин жетекчиси.
Азыркы учурда таажы вирусунун айынан мектептер жабылгандан кийин бүткүл дүйнөдөгү чейрек миллиард окуучулар билим алууда жабыр тартып калышты. Жүздөгөн миллион окуучулар виртуалдык режимде билим алууга мажбур болушту. Алардын арасында интернет байланышынан куру калган балдар үчүн билим алуу такыр мүмкүн болбой калды. Пандемияга чейин эле көптөгөн жаштар жыйырма биринчи кылымдын экономикасында атаандаштык жөндөмгө ээ болуу үчүн санариптик жана ишкердик көндүмдөргө ээ эмес болчу. Эми бул пандемиянын келиши аны ого бетер курчутуп, өлкөлөр жана жамааттар арасындагы теңсиздикти бекемдеп салды.
Эң эле жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары жана кирешеси эң эле төмөн мамлекеттердеги балдар менен жаштар башка өнүккөн өлкөлөрдөгү курдаштарынан кыйла артта калышты. Кирешеси төмөн өлкөлөрдөгү 20 баланын бирөө гана интернет байланышынан пайдалана алса, бай өлкөлөрдө 10 баланын тогузу андан пайдалана алат.
Мындай теңсиздиктен айыл жериндеги балдар өтө эле жабыр тартып калышууда. Электр байланышы боюнча эл аралык союзунун жетекчиси Хоулинь Чжаонун айтымында, айыл калкын интернет менен камсыз кылуу татаал милдеттердин бири болуп кала берүүдө. Быйылкы жылы айыл аймактарынын көп бөлүгү интернет менен камсыз кылынган жок.
Мисалы, ар кайсы аймактардагы 3төн 17 жашка чейинки балдар арасында интернеттен пайдалана албаган балдар саны:
-Батыш жана Борбордук Африкада – 95%;
-Чыгыш жана Түштүк Африкада – 88%;
-Түштүк Азияда – 88%;
-Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада – 75%;
-Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүндө – 49%;
-Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда – 42% — 36 миллион;
-Чыгыш Азия жана Тынч океан аймагында – 32% — 183 миллион;
-Бүткүл дүйнөдө – 67% — 1,3 миллиард.
Аталган докладдын авторлору бүткүл дүйнөдөгү балдардын интернет байланышынын абалы чындап алганда мындан да начар болушу ыктымалдыгын тастыкташат. Анткени балдардын санариптик мүкүндүктөрдөн пайдалануусуна тоскоол болгон башка да көп факторлор бар. Мисалы, санариптен пайдалануу ыкмаларын билбестик, эгер үйүндө интернет болсо да гаджеттердин жетишпестиги сыяктуу тоскоолдуктар көп.
Булак: news.un.org