Коомдо басма сөз кызматтарына болгон талап барган сайын өсүп барат. Коомчулукка тигил же бул мекеменин ишмердиги тууралуу такталган маалыматтар көбүрөөк керек. Айрыкча мамлекеттик мекемелердин ишмердигинин ачык-айкындуулугу абдан маанилүү. Бул жагынан алып караганда ички иштер органдарынын басма сөз кызматтарындагы абал кандай? Басма сөз кызматында иштегендер өздөрү бул багытта жасалып жаткан иштерге кандай баа беришет? Ушуларды билүү үчүн Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын басма сөз кызматынын улук инспектору, милициянын подполковниги Жээнтаев Нурдинбек Жаныбековичке бир нече суроолорду узаттык.
* * *
-Ички иштер органдарында иштеп жүрүп, бир күнү эле басма сөз кызматына келип калуу сага кандай таасир калтырды? Же мурда эле бул ишке көз артып жүрдүң беле?
-Мен ички иштер органдарында алгачкы иш жолумду Кыргыз милициясынын туңгуч генералы, легендарлуу Эргеш Алиев атындагы академияга 2000-жылы тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү аяктап, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчү кызматынан баштагам. Ошондон бери көптөгөн ар кандай даражадагы кызматтарда иштеп, чынын айтсам бул ишке көз артуу болгон эмес, бул басма сөз кызматында иштеп калам деп ойлогон да эмесмин.
Ооба, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө жетекчинин орун басары кызматында иштеп жатып эле анан бул кызматка келип калуу убагында мага бир аз ыңгайсыз абалды жараткан. Бирок, жетекчиликтин “сен ушул тармакта иштей аласың, сен ушул кызматта бизге керек болуп жатасың, көпчүлүк маалымат майданында иштеген журналистер сага оң баа берип жатышат”, – деген сөзү мени шыктандырып, бул жумушту да чыгармачылык менен андан ары жөндөп кетүүгө дем, кубат берген.
-Алгачкы кездерде эмнеден кыйналдың эле? Сага кимдер жардам беришти?
-Тактоо иретинде белгилей кетишим керек, басма сөз кызматында алгач 2015-жылы 6 айча иштеп, кайра турмуш шартыма байланыштуу башка кызматка которулгам да, 2019-жылы апрель айында кайра бул кызматка дайындалгам. Ошол 2015-жылдары кыйынчылык болгон, себеби жанымдагы кесиптештерим да жаңы, жаш кызматкерлер болчу. Алгач кылмыштар боюнча релиздердин текстин, кызматкерлердин дилбаяндары сыяктуу тексттерди даярдоодо кыйынчылыктар болгон. Бир учур эсиме түштүп жатат, ИИМдеги кесиптештер чалып, “ай Нурдин, тигил райондо ушундай окуя болуптур, напиши мне срочно релиз” – деген. Мен болсо, аны толук түшүнбөй туруп эле, “макул, жарайт” деп жооп бергем, бирок “релизге эмнени жазат экенмин эми” деп ойлонуп калгам.
Мага бул иште Ички иштер министрлигиндеги, областтагы кесиптештерим жардам беришти, андан сырткары, дайыма изденүүдө болуп, гезит-журналдардагы материалдарды окуп, бир каарман жана жалпы ийгиликтер боюнча бир бөлүмдү чагылдырып жазуунун стилдерин үйрөнө баштагам. “Көч бара-бара оңолот” дегендей, ошентип бул ишти да өздөштүрүп калдым.
-Бүгүнкү күнү басма сөз кызматы тууралуу түшүнүк менен алгачкы кездеги түшүнүк, билим асман менен жердей болсо керек. Азыркы кезде силер алып барган иштин жалпы деңгээли канчалык деп эсептейсиң?
-Абдан жакшы суроо болду. Буга чейинки сөзүмдү улай бул суроого жооп катары белгилей кетсем болот. Себеби айырма абдан эле чоң, билим, тажрыйба жана ал чөйрөдөгү кесиптештерим менен иштешүү дегендей… Учурда биз алып барып жаткан жумуштун деңгээлин “жакшы” деп айта аламын. Себеби алдыда жасай турган, жаза турган жана чагылдыра турган жумуштар, идеялар жана жаңы заманбап технологиялардын өсүп жатканына байланыштуу үйрөнө турган багыттар көп. Биз мурда эмнени кантип баштаарды билбей ойлонуп калчубуз. Азыр андай эмес, баары системага түшкөн. Кайсы убакта, кайсы чөйрөдө кандай маалыматтар таркатылышы керектиги алдын ала пландалып, баары өз жолу менен кетет. Бизде иштин сапаты үчүн аракет бар, буюрса дагы жакшы болот деген ойдомун.
-Басма сөз кызматындагылар, менимче, жетекчилер менен көбүрөөк жакын, тыгыз иш алып барышат. Бул бардык жерде ушундай болсо керек. Силер жетекчилик менен кандай иштешип жатасыңар? Өз ара түшүнүшүү, колдоо жагынан көйгөй жокпу?
-Ооба, сиз аны жакшы билесиз, биз жетекчиликке түз баш ийебиз жана ар бир шаар-бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен тыгыз иш алып барабыз. Учурда бул багытта эч кандай маселе жок, кандай колдоо керек болсо жетекчиликке билдирип, аны кыска мөөнөттө чечип келебиз. Баса белгилешим керек, бизге ИИМ тарабынан да абдан зор колдоо болуп келет. Ал эми жетекчилигибиз кол астындагы басма сөз кызматкерлерин баалай билет, ушул кызматта туруктуу иштеп калганымдын бирден себеби да ушул болсо керек.
-Журналисттер, массалык маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу оңой эмес, ар кандай кырдаалдар жаралат. Силер журналисттер менен иштөөнүн кандай кыйынчылыктарын сезесиңер? Өз ара түшүнбөстүктөр болобу? Болсо кандай?
-Абдан кызыктуу суроо болду. Ооба оңой эмес, чынын айтыш керек. Биз ар бир журналистин мүнөзүнө жана анын биз менен кызматташуудагы деңгээлине, умтулушуна карап мамиле жасаганды үйрөндүк. Журналистер менен биздин ортобуздагы эң башкы кыйынчылык… мен үчүн бул – алар кылмыш-окуяларын ачыктап жазганды жакшы көрүшөт, ал эми биз тергөөнүн жашыруун сырдуулугу үчүн маалыматты ачык бере албайбыз. Кээде ортобузда ошол себептен түшүнбөстүктөр жаралат. Кээ бир учурларда мага чалышып “убийство, разбой болсо маалымат бериңизчи” дешет, а мен болсо “андай дебегиле, кайра тынч эле болсун, кылмыш, кырсык болбосун десеңер”, деп жооп берип каламын. Биз журналисттерди түшүнөбүз, баалайбыз, алар менен дайыма кызматташабыз, алар бизге, коомубузга өтө керек. Ошондуктан канчалык кыйын болобу, жеңил болобу, алар — биздин жардамчылар, өнөктөштөрүбүз. Алардын ишине дайыма ийгиликтер каалайбыз.
-Мамлекеттик кызматтардын ишинин ачык-айкындуулугу абдан маанилүү, анткени ал коомчулук менен байланыштын бекемдигин, өз ара ишенимди калыптандырат. Ушул жагынан басма сөз кызматтарынын аракеттери жеткиликтүү болуп жатабы? Же дагы да аткарыла турган иштер көппү?
-Сиз туура белгилеп кеттиңиз, ишибиз маанилүү экенин дайыма сезип турабыз. Деги эле жалпы басма сөз кызматтарын сындай албайм, бирок биз тараптан, буга чейин белгилеп өткөндөй, алдыда дагы жасай турган жумуштарыбыз арбын. Дайыма эле баары сонун болуп калбайт, иште дайыма өйдө-ылдый болот. Бирок, канткен менен да биз милиция тармагындагы иштерди, жалпы абалды коомчулукка болушунча кененирээк таркатууга, милиция менен калктын ортосундагы түшүнүүнү, байланышты чыңдоо үчүн аракет кылып келебиз. Ошону үчүн маалыматтарды арбын таркатуу зарылдыгын билип турабыз. Туура, бул маанилүү иш. Бул максатта биз да өзүбүздүн каналдар аркылуу, журналисттер менен иштешип, массалык маалымат каражаттары аркылуу милиция менен элдин байланышын түзүп келе жатабыз деп ойлойм. Эл биздин тармакта эмне иш болуп жатканын толук кандуу билиши керек.
-Силер алдыда кандай өзгөрүүлөрдү же жаңы долбоорлорду пландап жатасыңар? Жашоо-турмуш улам өзгөрүп, коом өсүп-өнүгүп жатат. Демек, басма сөз кызматтары ага шайкеш болушу үчүн эмнелерди жасаш керек болот?
-Албетте, алдыга койгон конкреттүү пландарбыз бар, алар жакынкы айларда ишке ашып калышы керек, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, бул тууралуу атайын жарыялайбыз. Андан сырткары, басма сөз кызматынын иши да эч качан бир орунда турбайт, себеби коомчулукка карап, учурдун суроо-талабына жараша заманбап багыттын агымы менен бирдей болушубуз шарт. Сиз айткандай, шайкеш келиш үчүн тиешелүү жумуштар аткарылып, замандын талабына ылайык жаңы технологияны, жаңы программаларды өздөштүрүп, маалымат алуунун же окурман, көрөрман, катталуучуларды көп маалыматтандыруу үчүн социалдык баракчалар менен иштөөнү жаңыртуу, ошого жараша фото же видео байланыш жасап, ыкчам реакция кылуу зарыл. Азыр коом өнүккөн, анын талабы күч, таасири да көп, биздин ишибиз ошол талаптарга, таасирлерге дал келиши абзел. Биз ар тараптан даярдыгыбызды арттырып келебиз, окуйбуз, үрөнөбүз дегендей.
-Силердин тармакта басма сөз кызматынын кызматкеринде кандай сапаттар болушу керек деп эсептейсиңер? Ал эмнеси менен айырмаланышы керек?
-Мен биздеги кызматкер ар тараптуу болушу керек деп эсептеймин. Бул деген эмне? Муну мен өзүмдүн мисалым менен түшүндүрүп бере алам. Ички иштер органдарында көптөгөн кызматтарда, тактап айтканда, аймактык тескөөчүдөн тарта жетекчилик кызматтарга чейин иштеп келдим. Милициядагы ар бир бөлүмдө иштеп, анын оош-кыйышын, ички турмушун жон терим менен сезип, өздөштүрүп, ийне-жибине чейин жакшы билип калдым. Ошонун найтыжасында басма сөз кызматында иштөө бир топ жеңилдиктерди, кесиптик чеберчиликти жогорулатууда чоң жардамын берип келет. Мисалы, бир аймакта кылмыш-окуя болуп калса, ал жөнүндө маалымат учкай болуп, жазуу түрүндө толук келе элек болсо да, ыкчам жооп берүүнү талап кылган учурлар болот. Ошондой учурда шашып калбай, окуянын жүрүшүнө карап, мыйзам алкагында кандай натыйжа болорун, алдыда эмне жумуштар аткарылары туурасында токтоосуз маалымат берген учурлар көп болот. Иши кылса, басма сөз кызматындагылар бизде бул тармактын бардык жагын жакшы билсе, тажрыйбасы болсо, иши да оңой, маалымат таркатуусу да жеңил, журналисттер жана коомчулук менен иштеши да ийгиликтүү болот.
-Жооптор үчүн ырахмат! Иштеги ийгиликтерди каалайбыз.
Жалил САПАРОВ, журналист.
БИЗДИН ДОСЬЕ
Жээнтаев Нурдинбек Жаныбекович, милициянын подполковниги, 1983-жылы 15-апрелде Аксы районуна караштуу Кербен шаарында туулган. Жогорку билимдүү: 2005-жылы ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясын аяктаган. Милиция тармагында 2000-жылда бери иштеп келет.
Сузак РИИБнин аймактык тескөөчүсү, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү тобунун оперкызматкери, Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнүн жана андан ары ИИМдин 10-бөлүмүнүн оперкызматкери, кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын командиринин орун басары, Аксы РИИБнин Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, Жалал-Абад ОИИБнин кадрлар бөлүмүнүн күжүрмөн даярдык боюнча инспектору, Жалал-Абад ШИИБнин начальнигинин кызмат иштери боюнча орун басары, Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын улук инспектору, тергөө бөлүмүнүн жана нөөмөт бөлүмүнүн начальниги кызматтарын аркалап келген. Ал эми 2019-жылдан ушул убакка чейин Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын улук инспектору болуп иштеп келет.
Үй-бүлөлүү, 4 уул,1 кыздын атасы.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин алкагында өткөрүлгөн Калашников автоматынан, кичи калибердүү мылтыктан жана 9 мм тапанчадан ок атуу боюнча мелдештердин 11 жолку чемпиону жана 8 жолку байге ээси.
Ички иштер органдарындагы иши менен гана чектелбестен прикладдык-спорттун ок атууу боюнча түрү менен машыгып, Жалал-Абад ОИИБнин ок атуу боюнча курама командасын машыктырып, даярдап келет.
Хоббиси — мергенчилик, тоодо эс алганды жакшы көрөт.