Кытай адистеринин тобу «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун долбоору боюнча алгачкы иштерди аягына чыгышты. Жакын арада долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин экспертиза үчүн өзбек жана кыргыз тараптарга беришекчи. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа билдиргенин Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Ху Чуньхуа өз ара кызматташууну бекемдөө максатында өз ара байланыштардын маанилүү экенин белиглеп, тараптар «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун колдоого алышарына ишеним билдирген, анткени бул өлкөлөр арасында үзгүлтүксүз соода-экономикалык кызматташууну камсыз кылат.
Садыр Жапаров болсо, бул долбоор жалпы эле аймакта өзүнүн бараандуу позитивдик таасирин көргөзө турганын жана КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир багыт” демилгесинин ишке ашышы үчүн маанилүү экенин белгилеген.
Быйылкы сентябрь айында Самарканд шаарында Кытайдын, Кыргызстандын, Өзбекстандын тийиштүү ведомстволору «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорунун алкагында кызматташуу келишимине кол коюшкан. Ал документте Кыргызстандын аймагындагы темир жол курулушунун долбоорунунун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү каралган. Тараптар анда техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну каржылоо жана чыгымдарды бөлүштүрүү жагын да карашкан.
Бул жаңы темир жол магистралы Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай темир жолдорун бириктирип, Түркияга, Персия булуңуна, андан ары Европага чыгууга жол ачмакчы жана үч өлкөнүн товар өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын сатуунун жаңы рынокторун ачат. Темир жол багыты алдын ала Кыргызстандын Торугарт – Макмал — Жалал-Абад багыты боюнча өтүшү каралган.
Алдын ала эсептөөлөргө караганда, темир жол курулушу аркылуу Чыгыш Азия менен Жакынкы Чыгыштын жана Түштүк Европанын ортосундагы аралык 900 чакырымга, ал эми каттам мөөнөтү 7-9 суткага кыскармакчы. Андан сырткары, бул курулуш Борбордук Азиянын унаа инфраструктурасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, экономикалык өнүгүүгө шарт түзөт.