Искусствого (көркөм өнөргө) карата табит жана мамиле, жашырып не, башкалаабыз Бишкеке караганда Ош шаарында анча деле өнүгө элек. Ошондуктан, “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, сүрөтчүлөрдү аздектөө, а түгүл булардын көөнөрбөс эмгектерин татыктуу баалоо соңку кезде көңүлдүн сыртында калып келатат. Мындай маанайды Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин Оштогу сүрөт өнөрканасына атайын баш багып, бул ажайып жайды бир сыйра кыдырганымдан кийин дапдаана байкадым.
Сулайман тоонун түбүндө төрөлгөн талант
Тургунбай Ташкузиев 1943-жылы, тактап айтканда, Улуу Ата Мекендик согуш абдан күчөгөн мезгилинде Ош шаарына караштуу айтылуу Сулайман тоонун түбүндөгү жыгач устанын үйүндө төрөлгөн. Атасынан эс тарта электе ажырап, кийинчерээк Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы таэжелеринин колунда чоңойгондуктан, өз апасын деле элес-булас билет.
Андан ары туугандары кичинекей Тургунбайды Үч-Коргондогу балдар үйүнө тапшырышат. Ошол жерде шыктуу өспүрүмдүн сүрөткө деген ышкысы ого бетер ойгонуп, күнү-түнү колуна калем кармап, бөтөнчө маанайдагы сүрөттөрдү тартууга ыктайт.
Окууга экзаменсиз өткөн
Тургунбай Ташкузиев 1960-жылы агездеги Советтик Армиянын катарына чакырылып, аскерде үч жыл бою кызмат өтөгөн. Жаш жана жалындуу жигит ал жакта дагы жөн жүрбөстөн, дубал гезит чыгарууга аябай активдүү аралашып, ар кандай өңүттөгү аскерлерди сүрөткө элестүү тартып, куралдаштарынын оозун ачырчу. Анан калса командирлери дагы жоокеринин бул талантын өзгөчө баалашып, аны маданий жана массалык жумуштарга көп тартышчу.
Ошентип, армиядан кийин жыйырма жашында Тургунбай Ташкузиев Өзбекстандын Ташкен шаарындагы П. Бенков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, бирок билим уясына сынаксыз эле өткөн. Бул окуу жайын ийгиликтүү аяктаары менен түз эле Ош шаарына кайтып, живопись жана графикага өзгөчө басым жасап, далай көргөзмөлөргө катышып, оозго алынып, кыска убакта элге-журтка таанылат.
Контрагы төлөнбөй, ОШТУну бүтпөй калган
Ара чолодо өз билгенин жана буга дейре топтогон тажрыйбасын балдарга чын жүрөктөн үйрөтүү максатында мектепте дагы эки-үч жылдай эмгектенет. Бирок, анын да түйшүгү түмөн экен. Өспүрүмдөрдү окутуудан мурда отчет, конспект-кагаз иштери жүдөтөт. Анан дагы какаганга муштаган болуп, маянасы деле абат эмес. Аргасыздан агартуу системасы менен биротоло кош айтышат.
Айтмакчы, чыгармачылык изденүүдөн эзели тайбаган жана тажабаган Тургунбай Ташкузиев мындан алты жыл мурда билимин өркүндөтүүнү ойлоп, Ош технологиялык университетине тапшырат. Келишимдик акынын ордуна ОшТУга сүрөттөрдү тартып берип кутулчу. Акыркы курста “Сүрөттөрүңдү сатып алганга адам жок” дешип, контракттын акчасын төлөөнү катуу талап этишкендиктен, окуусун дагы бүтпөй калды…
Албетте, бул трагедия деле эмес деңизчи. Бирок, абройлуу көргөзмөлөрдө “Жогорку билимдүү” деген критерий сөзсүз керек экен…
Азыркы муун философияны түшүнбөйт
Белгилүү кыл калемгер Тургунбай Ташкузиевдин баамында, искусствого (көркөм өнөргө) карата мамиле жана табит Бишкек калаасына салыштырганда Ош шаарында анчейин өнүгө элек. Маселен, сүрөт жаратууда көркөмдүккө жана чыгармачылык дараметке өзгөчө басым жасалат. Ошондуктан, өтө көркөм жана кооздолгон сүрөттөрдүн дайыма кардарлары көбүрөөк.
Тилекке каршы, философиялык мааниси абдан терең, ошондой эле композициясы төп келген сүрөттөрдү түшүнгөндөр азыр чанда. Андыктан, булар кем сатылат. Мисалы, мыкты тартылган пейзажды, же эң мыкты портретти Бишкек шаарында 5-10 миң сомго дейре беймарал соодалайсың. Ал эми Ошто андай баага муну эч албайт. Эсте бекем калганы, Тургунбай Ташкузиевдин эң кымбат чыгармасына Өзбекстандык орус жигит 200 доллар төлөгөн.
Ардактуу наамга жетишти
2011-жылы Бишкек шаарында Гапар Айтиев атындагы республикалык көркөм сүрөт музейинде он-он беш күндүк сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Бул маанилүү иш-чаранын ачылышына ошол кездеги президент Роа Отунбаева катышып, оштук сүрөтчү Тургунбай Ташкузиевдин сүрөттөрүн жогору баалап, ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамын ыйгарган жайы бар.
Ошентип, жогоруда аталган сүрөт музейинде оштук кыл калем чебери Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин бир нече сүрөттөрү дагыле сакталуу. Ал эми автордун башка чыгармалары ушул тапта өлкөбүздүн бир катар министрлеринин кеңселеринде илинүү турат. Өтө шедеврлерин АКШдан, Франциядан жана Жапониядан келишкен туристтер өлө суктанышып, анан дагы талашып жүрүп сатып алышпадыбы.
Там сурап, көңүлү сууган сүрөтчү
Айтмакчы, Тургунбай Ташкузиев дээринен эле сөзгө сараң. Муну биз өз ара маектешкенде баамдадык.
-Мен деле эл сыңары турмушумду түптөп, үй-бүлө күттүм. Анан ошентип, бала-чакалуу дагы болдук. Бирок, өз ара түшүнбөстүктүн кесепетинен, үй-бүлөбүздүн очогун андан ары бирге тутандыра албадык. Эч талашып-тартышпастан эле мурунку турак жайымды жубайыма жана балдарыма биротоло энчилегенмин. Ал эми өзүм моминтип эле шарты алынча өнөрканамда күжүлдөп иштеп, өлбөстүн күнү көрүп, жан сактап келатамын, — дейт ал бизге.
Баса, жакшылыктан күдөрүн үзбөгөн бул таланттуу сүрөтчү үстүнө үй сурап, Президент Садыр Жапаровго даттанган жайы бар. Мамлекет башчысы кайрылууну Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго табыштаптыр. Мэрия өкүлү сүрөтчүнүн өнөрканасына капысынан баш багып, анан жашоо-шартын өз көзү менен көрүп, кыл калем ээсине боор ооругандын ордуна “Мындан ары биздин башыбызды жөнсүз оорутпаңыз” деп кетиптир…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.