Россия Федерациясынын баш калаасы Москвада 3 миллиондон 4 миллионго чейин мусулмандар жашайт. Бул тууралуу Россиянын мусулмандарынын башкы башкармасынын президиумунун төрагасы, Россиянын муфтийлеринин кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдинге шилтеме берип, “Известия” жазып чыкты.
Анын айтымында, мусулмандардын бул санына туруктуу жашагандар да, убактылуу жашап тургандар да кирет. Деген менен, 1997-жылы Москва шаарынын мэри Юрий Лужков шаарда 800 миң мусулмандар жашап турганын билдирген эле. Мусулмандардын санынын улам өсүп жатышы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келүүчү мигранттардын эсебинен болууда.
Р. Гайнутдиндин билдиришинче, совет бийлигинин убагында Москва шаарында белгиленүүчү Орозо жана Курман айт майрамына 35 миңдей мусулмандар катышып турган. Ал эми азыркы күндө бир гана Мещанск районундагы башкы мечитке келип намаз окугандардын саны 130 миңге жетет.
Расмий маалыматтар боюнча алганда, быйыл Москва шаарында 12,6 миллион киши жашап турат. РИА Новости билдиргендей, акыркы үч жылда шаардагы калктын саны 2,31 пайызга өскөн.