Мамлекеттик кызматкерлер жеңилдетилген кредит ала албайбы? Мындай суроо КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында өткөн ишкерлер жана Улуттук банк өкүлдөрү ортосундагы ачык диалогдо айтылды.
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Каржы кызматтарынын региондордогу жеткиликтүүлүгү” тууралуу жыйынына Улуттук банктын, “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун”, “Кепилдик фондунун” өкүлдөрү жана Жалал-Абад шаарындагы жайгашкан банктардын жетекчилери катышкан. Ачык диалогдо “Мен кредит алайын деп чуркап жүрүп, бирок мамлекеттик кызматта иштегеним үчүн ала албадым. Мамлекеттик кызматкер 8-10 миң сом айлыкка иштейт, эмнеге эки жүз миң кредит алууга болбойт? Мал алып, жайлоого жөнөтүп, күздө балдарды үйлөп, той өткөрөйүн дегем”, –деп суроо узаткан мамлекеттик кызматкер.
Суроого Улуттук банктын өкүлү “Бул жагдай мыйзамга туура келеби, же жокпу караштырыш керек, — деп жооп берди.
Ал эми юрист Бекболот Ибрагимовдун айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер коммерциялык иштер менен алек болуусуна тыюу салынган.
-Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер коммерция менен алектенүүгө акысы жок деп жазылган. Мал баккан коммерция эмес да. Чындыгында, көп болсо он миң сом алган айлыгы күнүмдүк турмушка араң жетет. Анан мал алып жайлоого жөнөтүп, той өткөрбөскө аргасы жок”, — дейт ал.