Эми 2027-жылга барып, кайра иштетилген жашылча менен мөмө-жемиштердин дүйнөлүк рыногунун көлөмү 63 пайызга өсөт. Башкача айтканда, бул рыноктун көлөмү 2020-жылы 287 миллиард доллар болсо, 2027-жылга карата 467 миллиард доллардан ашары күтүлөт. Бул тууралуу рынокторду изилдөөчү Global Market Insights Inc. компаниясынын отчётторуна негизденип маалымат таркаткан fructidor.com порталына шилтеме берүү менен Fruit-inform платформасы жазып чыкты.
Алынган маалыматтарга караганда, кайра иштетилген жашылча жана мөмө-жемиштерди сатуу көлөмү дүйнө боюнча барган сайын өсүп баратат. Пайдалуу жана жегенге даяр, ыңгайлуу жана көрүмдүү кутуларга салынган, тоңдурулган бул продуктылар Түндүк Американын керектөөчүлөрү арасында эң эле жагымдуу болуп баратканы айтылат.
Андан тышкары, барган сайын сатып алуу жөндөмдүүлүгү артып, жашоосу жакшырып бараткан Азия-Тынч океанынын аймагында да бул продуктыларга болгон керектөө катуу байкалууда. Деген менен, бул аймакта урбанизация күч алып, тамактануу маданияты да өзгөрүп жатат.
Мына ушул факторлор кайра иштетилген жашылча жана мөмө-жемиштердин рыногунун барган сайын өсө беришин шарттап жатат. Демек, сатуу көлөмү дайыма өсүп отурат.