Айтылуу Сузак айланпасына орнотулган кырк беш метр бийиктиктеги флагштокко узун-туурасы 10-20 метр болгон мамлекеттик туу илинди.
Флагштоктун пайдубалына кыргыз элинин 4 чыгаан инсандарынын сүрөт-элеси түшүрүлгөн.
Жалал-Абад областынын жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевдин жана район акимдеринин, жергиликтүү тургундардын катышуусунда тууну көтөрүү боюнча расмий иш-чара болуп, ага эки миңдей адам катышты.
Бул демилгени Жалал-Абад областынын жетекчилиги демилгени көтөрүп чыккан жана ишке ашырган жеке ишкер Имамиддин Ташовго ыраазычылык билдирип, бата берип узатты.
Жалал-Абадда өткөн салтанаттуу ачылуу аземинде өмүрүндө биринчи жолу мамлекеттик тууну белекке алганын билдирип, анын дем күчү менен И.Ташов эми борбор калаага 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотууну ниет кылганын жар салды.
Эске сала кетсек, мындай флагшток Кыргызстанда төртүнчү болуп Жалал-Абад областына орнотулду. Буга чейин Баткен, Ош, Ысык-Көл областтарына “KG ГРУПП” курулуш компаниясы тарабынан коюлуп, жети областка орнотууну пландалкан. Эмки жылы ушундай флагшток Нарын областына орнотулмакчы.
Роза Акматжан кызы «журналист»