Жалал-Абад шаарында “Чеч-Дөбө” коомдук кеңешинин жыйыны өтүп, анда айрым катышуучулар Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн эки эле саясий партия болушу керектигин, мамлекеттик бийлик менен жарандардын өз ара түз диалогун күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Жыйынга шаар тургандарынын айрым өкүлдөрү катышып, анда Кыргызстанды мындан ары улуттук баалуулуктарды аздектөө менен өнүктүрүү багытында талкуу болду. Биринчи кезекте улуттук тилди, улуттук баалуулуктарды биринчи планга коюу менен коомдун руханий деңгээлин жогорулатмайынча мамлекеттин ырааттуу алдыга жылышы мүмкүн эмес деген пикирлер айтылды. Бул жагынан жарандардын жер-жерлерде аракет кылуучу “Чеч-Дөбө” кеңеши кеңири иш алып барышы зарылдыгы белгиленди.
Ошол эле кезде жыйындын катышуучулары расмий бийликти, тактап айтканда, президенттик бийликти күчтөндүрүү жана жалпы мамлекеттик бийликтин жарандар менен болгон өз ара туруктуу жана жандуу диалогун түзүү, мамлекеттик иштерге жарандык көзөмөлдү күчөтүү максатында курултай институту зарыл экени айтылды. Бул максатта кийинки парламенттик шайлоодо улуттук баалуулуктарды таанып билген жана ал үчүн аракет жасай ала турган талапкерлерге мүмкүнчүлүк берилип, мандат алуусуна колдоо көрсөтүү боюнча пикирлер ортого алынды. Азыркы саясий партиялардын аракеттерине жана аракетсиздиктерине сындар айтылып, алар мамлекеттин өнүгүшүнө тийиштүү салым кошо алышпай жатканы көрсөтүлдү.
Андан ары айрым катышуучулар көп партиялуулук коомду бөлүп-жарууга алып барып жатканын бетке кармашып, бир чети шайлоодогу 9 пайыздык босогонун тууралыгын, өлкөдө атаандашкан эки гана партия аракет жасап, калган саясий күчтөр аларга кошулуусу керектигин айтып чыгышты. Бирок, бул процесс ким тарабынан, кантип жана качан ишке ашары тууралу талкуунун жүрүшүндө бир пикирге келе алышпады.
Акырында коомдогу активдүү жарандар жалпы өнүгүүгө жеке салымдарын кошуусу керектиги белгиленип, аталган коомдук кеңеш жарандар жана коомдук бирикмелер арасында кеңири иш алып баруу зарылдыгына токтолушту.