Кыргызстанда фермелердин багын ача турган дүйнолүк стандарттагы соода-лгоистика борборлрунун саны азайып кетти. Бул тууралуу EastFruit эл аралык маалымат-аналитикалык платформасынын маалыматында айтылат.
Алынган маалыматка караганда, мурда дүйнөлүк критерийлерге жооп берген 15 соода-логистика борборлору болсо, кийин буюртмалардын жоктугунан бешөөсү жабылып калган.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин өкмөт Кыргызстанда 20дан ашуун соода-логистика борборлору ачыларын жарыялаган. Бирок, фермерлер айыл чарба продуктыларын сактоочу кампаларды өздөрү куруп алуулары керектигин да белгилеген.
Айрым аймактарда соода-логистика борборлоруна маани берилди. Мисалы, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин бир жыл ичинде Чүйдүн Сокулук районунда “Агропродукт Азия” жоопкерчилиги чектелген коому соода-логистика борборун ачкан. Беш жыл ичинде ЖЧК буюртма көлөмүн арттырды. Азыр мында продукцияны сактоо менен гана эмес, башка фермерлерге кызмат көрсөтүү иши менен алектенишет. Анткени борбордо мурда 3 миң тонна продукция сактала турган болсо, азыр 7,5 миң тоннага чейин мүмкүнчүлүгү бар. Өткөн жылы компания өзү 60 миң гектарга бак отургузуп, эмки жылы дагы 40 миң гектарга алма көчөтүн отургузмакчы.
Айы чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги соода-логистика борборлору деп 1 миң тоннадан ашуун продукция сакталуучу жайларды эсептейт. Азыр Кыргызстанда дүйнөлүк стандартка туура келген ушундай 10 ссык-Коода-логистика борбору бар. Анын төртөөсү Чүй областында болсо, калган Ош, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад областтарында бирден. Андан тышкары, жашылча-жемиш сактоочу 224 кампалар бар, алар ЕАЭБдин талабына жооп бере албайт. Өкмөт 2023-жылга карата дагы 11 соода-логистикалык борборлорду ишке киргизүү ниетинде.
Деген менен, Талас жана Нарын областтарында бир дагы соода-логистика борбору жок, бирок жакынкы жылдары ачылмакчы. Нарында жеке менчик компания Кытай менен өнөктөштүктө ушундай борборду ачууну пландап жатат. Жергиликтүү бийликтер ага ылайык 200 гектар жерди бөлүп беришти.
Кыргызстандын фермерлеринде соода-логистика борборлору тууралуу маалыматтын аздыгы алардын ийгиликтүү аракеттенишине тоскоол болууда. Дүйнөлүк стандарттагы мындай борборлордун жоктугунан алар өндүргөн продукциясын сыртка алып чыга алышпайт.