Медициналык кычкылтек жетишпеген шартта пневмониядан күн сайын 2 миңден ашуун бала набыт болууда. Анткени кирешеси төмөн жана орто деп эсептелген 124 өлкөдөгү 5 жашка чейинки 4,2 миллион бала жыл сайын пневмонияга байланышкан кычкылтек жетишпестигинен жабыр тартып келишет. Алардын баары эле медициналык тийиштүү жардамды ала алышпайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФ жана анын өнөктөш уюмдары билдиришти.
Балдардын өлүмүнө себеп болуп келаткан бул жугуштуу илдет жыл сайын дүйнөдөгү 5 жашка чейинки 800 миң баланын өмүрүн алууда. Пневмониянын пайда болушуна ар түрдүү микроорганизмдер – бактериялар, вирустар жана грибоктор себеп болот. Оору өтүшкөн кезде өпкө сууга жана ириңге толуп, дем алууга оорчулук пайда болот жана кычкылтек жетишпестиги келип чыгат. Пневмониянын мындай түрү менен жылына төмөнкү жана орто кирешелүү өлкөлөрдө жашаган 22 миллион бала ооруйт.
Быйыл таажы вирусунун пандемиясы бул абалды ого бетер курчутту. ЮНИСЕФтин башчысы Генриетта Фордун айтымында, миллиондогон кишилер COVID-19 менен ооруп жатышат, аларга жардам керек, баары убара тартышууда. Натыйжада дүйнө боюнча балдардын акыбалы кыйындап кетти. Ушундай учурда 2 миңден ашуун бала күн сайын пневмониядан набыт болуп жатканын унутпоо керек. Алардын көпчүлүгүн медициналык кычкылтектин жардамы менен аман алып калса болор эле.
Албетте, кычкылтекти жана антибиотиктерди берүү менен баланы 3-4 күндүн ичинде оор абалдан алып чыгууга болот, бирок анын наркы 600 доллар турат. Планетанын көпчүлүк калкы мунун көтөрө албайт. Пандемияга байланыштуу кычкылтекке болгон керектөөлөрдүн жогорулап кетиши Индияда, Бангладеште жана Нигерияда балдардын өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, жакыр өлкөлөрдө кычкылтектин жетишсиздиги курч, колдо болгон запас керектөөнүн бештен бирине араң жетет.
Эгер кычкылтек жер-жерлерде өндүрүлсө, ал кыйла арзанга түшмөк. Азыр ДССУ, ЮНИСЕФ жана алардын өнөктөш уюмдары алдыга ушундай максат коюшууда. Деген менен, ДССУ пандемия башталгандан бери ар кайсы өлкөлөргө 30 миң кычкылтек концентраторун – айланадагы атмосферадан кычкылтек молекулаларын, анын концентратын бөлүп алып, таза кычкылтек берүүчү аппараттарды тапшырган. Дагы 90 өлкө концентраторлорду ЮНИСЕФ аркылуу алышкан.
Булак: www.news.un.org