Эки жыл мурдагы абал кандай эле?
Акыркы он жылдан кийин эл ичинде таркалуусу басаңдап калган кургак учуктун жайылышы кайра эле күчөй баштады. COVID-19 пандемиясынан кийин дүйнөлүк масштабдагы кургак учукка каршы күрөшүүнүн жетишилген мурдагы ийгиликтери талаага кетип жатат. Бүткүлдүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (БСУ) шилтеме берүү менен БУУнун жаңылыктар кызматы (news.un.org) 2021-жылы 21-октябрда ушундай мааниде жазып чыккан.
Ошондогу алынган маалыматка караганда, 2020-жылы кургак учукка кабылып калуулар жана дарылангандар саны да аз болуп, бирок мерт болуулар саны көп болгон. Мисалы, 2019-жылы бул илдетке кабылуулар саны 7,1 миллион болсо, 2020-жылы 5,8 миллионго кыскарган. Бул пандемия учурундагы чектөөлөр кырдаалында текшерүүдөн өтүү жана дарылануулар санын азайып кетиши менен түшүндүрүлгөн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, пандемия убагындагы чектөөлөрдөн улам күтүлүүчү кесепеттер кийин билине баштады. БСУнун башкы директору Тедрос Гебрейесус эми кургак учукту ооздуктоого чукул чаралар, инвестициялар жана инновациялык мамилелер керек болуп калганын жашырган эмес. Деген менен, 2020-жылы бул илдеттен келип чыккан жоготуулар көп болгон: ВИЧ илдетине чалдыккандарды кошо эсептегенде кургак учукка кабылган 1,5 миллион киши мерт кеткен. Бул айрыкча кургак учук көп жайылган өлкөлөргө тийиштүү.
БСУнун маалыматында, 2021-жылдын аягына карата дүйнө боюнча 4,1 миллион киши өзү кургак учукка кабылып калганын билген эмес жана бул расмий статистикага да кирбеген. Деген менен, 2019-жылы мындай кишилер саны аз эле, 2,9 миллион гана болчу. Ошонун кесепетинен кургак учукка каршы дарылангандар саны да бир жыл ичинде эле 15 пайызга азайып кеткен. Анысы аз келгенсип, ооруга чалдыккандардын 98 пайызы жашап турган кирешеси орто жана төмөн өлкөлөрдө бул багыттагы каржылоо да аксаган. Негизинен мындай программалар өлкөлөрдүн өзүнүн каражаты менен ишке ашырылса, айрым өлкөлөр сырткы каржылоого муктаж болуп келишет. Ал эми мындай программалардын негизги үлкөн донору АКШ болуп эсептелет.
Жалпысынан алганда кургак учукка каршы иш-чараларды ишке ашырууга бөлүнүп келген каражаттар көлөмү да 2019-жылдагы 5,8 миллиард доллардан 2020-жылдагы 5,3 миллиард сомго азайган. А дегинкисинде бул багытта жылына 13 миллиард доллар чыгымдоо максаты коюлса, ал максат ишке ашпады.
Эгер айрым беш жылдыктардагы жыйынтыкты карай турган болсок, анда 2015-2020-жылдары кургак учуктан өлгөндөр саны 9,2 пайызга гана кыскарганын көрөбүз. А чынында аны 35 пайызга кыскартуу каралган болчу. Ушул эле мезгил аралыгында илдетке жаңыдан чалдыгып калуулар саны 20 пайыздын ордуна болгону 11 пайызга азайган. Деген менен, Европа аймагында Россиядагы алдыңкы көрүнүштөрдүн эсебинен кургак учук менен ооруп калуулар деңгээли 25 пайызга кыскарды.
Кантсе да 2020-жылы жасалган аракеттердин натыйжасында 60 миллион киши бул илдеттен аман калды. А бирок миллиондогон кишилер жакшылыктуу медициналык жардам ала албай жүрүшөт. Анткени кургак учук менен ооругандардын 90 пайызы көйгөйлүү 30 өлкөдө жашап турушат, алардын арасында Индия менен Кытай да бар.
Ооругандар арасында эркектер 56 пайызды, аялдар 33 пайызды, балдар 11 пайызды түзүшөт. Ал эми илдетке чалдыккандардын 85 пайызы алты айлык дарылануудан кийин толук айыгып кетишүүдө. .
Азыркы абал кандай болууда?
Ошол эле БСУнун маалыматында 2022-жылы 7,5 миллион кишиге кургак учукка чалдыкканы тууралуу диагноз коюлган. Бул 1995-жылдан берки эң жогорку статистикалык көрсөткүч болуп эсептелет. Деген менен, илдетке кабылуунун көрсөткүчүнүн өсүшү аны аныктоо боюнча 192 өлкөдөгү медициналык тейлөөнүн жакшырышы менен түшүндүрүлүүдө.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен алганда, кургак учук менен ооругандар саны дүйнөлүк масштабда 10,6 миллионго жеткен, мурдагы жылы анын саны 10,3 миллион эле. Ооругандардын көпчүлүгү же 90 пайызы Түштүк-Чыгыш Азия, Африка жана Тынч океанынын батышындагы өлкөлөргө туура келет.
ВИЧ илдетине чалдыккандар менен кошо эсептегенде кургак учуктан өлгөндөрдүн жалпы саны 2022-жылы 1,3 миллион болду, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 100 миң кишиге аз. Бирок, жогоруда айтылгандай, 2020-2022-жылдары COVID-19 пандемиясынын кесепетинен мурдагы жылдарга салыштырмалуу өлгөндөр саны 500 миңден ашуун көбөйүп кеткен.
Азыркы учурда кургак учук оорусунун мурда колдонулуп келген дары-дармектерге туруктуулугу башкы көйгөйгө айлана баштады. Өткөн жылы 401 миң кишиде кургак учуктун антибиотиктерге моюн бербеген жаңы түрү байкалган, бирок алардын бешөөсүнөн экөөсү гана тийиштүү дарыланууга мүмкүнчүлүк ала алышты.
Кургак учукка кабылып калууну аныктоо жагынан жаңы каражаттар, ооруга каршы дары-дармектер жана вакциналар пайда болгондугуна карабастан, инвестиция жагынан маселелер келип чыкканнын БСУ ачык билдирүүдө. Жалпы аракеттерден улам 2000-жылдан бери 75 миллион өмүр сакталып калганы менен 2022-жылдын жыйынтыгында кургак учук короновирустан кийинки эле көп өлүмгө себеп болгон инфекциялык илдет катары кала берди.
БУУнун Башкы ассамблеясынын быйылкы сентябрь айындагы маанилүү жумалыгы учурундагы жолугушууларда эл аралык коомчулук 2018-жылы кургак учукка каршы туруу боюнча алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи жана 2027-жылга чейинки жаңы максаттарды да аныктады. Мындагы маанилүү маселе – илдетке чалдыккандардын кеминде 90 пайызына алдын алуу жана дарылоо кызматтарын камсыздап берүү.
Биздеги абал кандай?
Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар саны акыркы отуз жылдан бери улам көбөйүп отурууда. Бул расмий статистикадан даана көрүнөт. Мисалы 1990-жылы кургак учуктун активдүү түрлөрү менен ооругандар саны 2290 болсо, ал 1997-жылы 5189га, 2001-жылы 8266га жеткен, анан азайып отуруп, 2019-жылы 5096га түшкөн. Ал эми 2020-жылы пандемия убагында (медициналык тейлөө, ооруну аныктоо кыйынчылыкка учураган кезде) 3518ге азайып, кийинки жылы 3891ге өскөн. Ал эми, Улуттук статкомдун билдиришинче, 2022-жылы 4038ге чейин көбөйдү.
Ооруга чалдыгуунун жыныстык аспектиси да кызыктуу. Эгерде 1991-жылы кургак учук менен ооруган эркектер саны 3442 болсо, ал көбөйүп отуруп, 2014-жылы 5898ге жеткен. Анан азайып отуруп, 2019-жылы 2921ге түшкөн. Ал эми пандемия учурунда бул көрсөткүч 2014тү түзүп, өткөн 2022-жылдын жыйынтыгы менен 2274кө чыкты.
Ал эми аялдар арасындагы статистиканы алсак, 1991-жылы бул оорудан жабыр тарткандар 1059 болсо, ал жыл өткөн сайын көбөйүп отуруп, 2013-жылы 2540ка жеткен. Анан ылдыйлап жүрүп отуруп, 2019-жылы 2175ке түшөт да, пандемия жүргөн 2022-жылы 1504кө чейин ылдыйлап, 2022-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 1764кө өстү. Жогорудагы сандардан көрүнүп тургандай, Кыргызстанда эркектер аядарга караганда кургак учук менен көбүрөөк оорушат экен.
Эгер аймактар боюнча алып карсак, Жалал-Абад областында илдетке чалдыгууну алгачкы аныктоо саны да ушундай эле өзгөрүп келатат. Алгачкы 1990-жылы илдетке алгачкы чалдыгууну аныктоо саны 568 болсо, 2002-жылы 1405ке жеткен. Кийин улам азайып отуруп, 2019-жылы 846га түшөт. Пандемия убагында (белгилүү себептер менен) алгачкы чалдыгып калууну аныктоо саны 614кө азайып, кийинки жылы кайра эле 697ге өскөн. Ал эми 2022-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 704ке жетти.
Дарыгерлер коомдо ооруп жүргөндөр көп болушу мүмкүн, мында кептин баары аларды өз убагында аныктоо жана дарылоо деп айтып келишет. Демек, кургак учук оорусуна чалдыгып калууну коомдо азайтуу үчүн оорунун алдын алуу менен дарылоо багытында чараларды күчөтүү зарылдыгы бар экен. Бул, албетте, өлкөдөгү ушул багытта иштелип чыккан программалардын сапаты, алардын ишке ашырылышынын кынтыксыздыгы, сөзсүз түрдө каржылоонун жетиштүүлүгүнөн көз каранды. Алар канчалык деңгээлде болуп жатканы өзүнчө кеп.
Жалил САПАРОВ.