Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын союзунун Жалал-Абад областындагы өкүлү болуп Темирбаев Турдалы Абдыкеримович дайындалды. Бул тууралуу КР Жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын союзуна шилтеме берүү менен kabar.kg сайты жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, ушундай эле аймактык өкүл Ысык-Көл областы боюнча да дайындалган. Буга чейин аймактык өкүлдүн кызматына сынак жарыяланып, тийиштүү критерийлер боюнча кадрлар тандалып алынган.
КР Жергиликтүү өзалдынча башкарууларынын союзунун аймактык өкүлдөрү союздун мүчөлөрүнүн арасында өз ара аракеттенишүүлөрдү ишке ашырып, көйгөйлүү маселелер боюнча алардын пикирлерин үйрөнүү жана позицияларын калыптандыруу, жергиликтүү өзалдынча башкаруу, жергиликтүү жамааттар арасында тийиштүү нормативдик-укук актыларынын долбоорлорун талкуулоону уюштуруу, алардын сунуш-пикирлерин жыйноо жана үйрөнүү, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өнүктүрүү сыяктуу башка да иш-чараларды алып барышат.
Ошондой эле аймактык өкүлдөр жергиликтүү өзалдынча башкаруунун союзунун уставдык милдеттерине ылайык, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана башка коомдук бирикмелер менен кызматташуу, мамлекеттик органдар жана коомдук башка бирикмелер менен болгон өз ара иштешүүдө союздун мүчөлөрүнө кеңеш берүү, маалыматтык, укуктук жана аналитикалык кызматтарды көрсөтүү аркылуу алардын кызыкчылыктарын коргоо иштерин да аркалашат.
Эскерте кетсек, Т. Темирбаев буга чейин бир катар мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында жооптуу кызматтарда иштеп келген. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри, биринчи вице-мэри кызматтарын аркалаган. Акыркы кезде Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.