Быйыл Жалал-Абад областынын 42 участкасында “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүн аппаратынын кезетеги коллегиясында айтылды.
Жалпы эле инфраструктураны жакшыртуу багытында област аймагында бир катар ири долбоорлор аткарылат. Мисалы, Маданият-Барпы жолун реаблитациялоо боюнча курулуш иштерин ишке ашыруу аркылуу 67 километрдин 15 километрин асфальттоо, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун белгиленген график боюнча ишке ашыруу пландалган. Андан сырткары, ички чарбалык жолдорго, көчөлөргө жалпы узундугу 23 километрден кем эмес асфальт төшөө каралган. Ошондой эле атайын комиссия тарабынан аныкталган “Бишкек-Ош” жолундагы 29 участкага, “Жалал-Абад-Казарман” жолундагы 4 участкага, Жалал-Абад шаарындагы 12 участкага “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-план бекитилген.
Эске сала кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан тарта иштей баштады. Анда жол боюна орнотулган камера, видео-байкоолор жол эрежесин бузуунун 12 түрүн жазып алат. Ал эми айып пул айдоочунун жашаган жерине “Кыргыз почтасы” аркылуу жөнөтүлөт.