Деген менен, анын пластик бөтөлкөлөрдөн курган үйлөрү кадимки эле үйлөрдөй кооз жана ыңгайлуу экен.
Канадалык ишкер Роберт Безо бир канча жыл мурун Панаманын Бокас-дель-Торо аралына көчүп келип, ал жердеги толуп-ташкан пластик бөтөлкөлөрүнүн көйгөйүнө тушуккан. Анан Безо гениалдуу чечимге келип, сансыз бөтөлкөлөрдөн үй курууга киришет. Аны үчүн чоң жер аянтын сатып алып, ал жерде музей, ресторан жана туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн үй урмакчы болот. Бул долбоорду ал “Пластик бөтөлкөлөр айылы” деп атайт.
Ошентип, пластик бөтөлкөлөр негизги курулуш материалдары болуп калды. Темирден атайын каркастарды, дубалдары жана тосмолору үчүн темир торлорду жасап, аны пластик бөтөлкөлөрү менен толтурат, анан үстүнөн бекемдөөчү аралашма ылайды куят. Курулган үйлөр сыртынан кадимки эле үйлөрдөн эч айырмаланбайт. Бирок, кыйла арзанга курулат жана чоң пайда да алып келет.
Мисалы, 100 чарчы метр аянтты ээлеген үйдү курууга болжол менен 14 миң пластик бөтөлкөсү керек телет. Мындай үйлөр катуу жер титирөөлөргө туруктуу келет жана ичинде салкын абаны жакшы сактайт, атайын кондиционердин кереги жок.
Кызыккандарга үй куруу технологиясын көрсөтүү үчүн айыл аймагындагы бир нече имараттарды чала бүткөн абалында калтырган, пластик бөтөлкөлөр дубалга тизилген бойдон турат.