Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо парламент эрежелерин бузганы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Lenta.ru сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Канада парламентинин оппозициялык Консервативдик партиясынын өкүлү Скотт Рид өкмөт башчысы парламент жыйыны убагында бирдеме жеп отурду деп айыптаган. Бул окуя 20-мартта өкүлдөр палатасында бюджет боюнча түнкү добуш берүү учурунда болгон эле.
Риддин баамында, парламент жыйыны учурунда Премьер-министр жана коргонуу министри баш болгон бир канча өкмөттүк кишилер эрежеде тыюу салынганына карабастан жашырынып бирдеме жеп отурушкан. Саясатчы алар бейгл (бублик сыяктуу токоч) жеп отурушту деп айыптады.
Канада парламентинин эрежеси боюнча жыйын учурунда залда суу ичүүгө гана уруксат берилген, башка суусундуктарга жана азык-түлүк жана тамактарга тыюу салынган. Оппозиция өкүлү өкмөт башчыны бул жоругу үчүн жерип, буга чейин парламентти коррупция менен булгаса, эми сары кычы (горчица) менен булгап атат, деди.
Албетте, Трюдо коюлган айыпты, парламент эрежесин бузганын моюнга алды. Кечирим суроо менен, шоколад жегенин айтып, парламентте кечирим сурады.
Эскерте кетсек, өлкөдөгү CBC/Radio-Canada телерадиокомпаниясы Трюдону юстициянын мурдагы министри Жоди Уилсонго басым жасагандардын арасындагы шектүү катары көрсөткөн. Юстиция министрине эң ири курулуш компаниясына карата кылмыш иликтөө ишин токтотуу талабы менен кысым көрсөтүлгөн.