Быйылкы жылы Ала-Бука районунда камсыздандыруу уюму 2 турак жай ээсине 258 миң сом төлөп берди. Буга чейин жалпы 28 турак жайдын ээсине 376 миң сом төлөнүп берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад областтык филиалынын жетекчиси Закиржан Анарбаев Ала-Бука районунун тургунунун арыз-муңуна жооп берип жатып билдирди.
Ала-бука районунун Көк-Серек айылынын тургуну Илязбек Рыспаев камсыздандыруу уюмуна нааразылыгын айтып чыкты.
-Мындан 2 жыл мурда айыл өкмөттөн маалымат берип, үйүңөрдү камсыздандыруудан өткөргүлө дешти, жакшы нерсе экен деп камсыздандыргам. Быйыл эми катуу шамал болуп, үйдүн чатырын учуруп кетти. Жалпы 60 миң сомго зыянга учурадым. Камсыздандыруу уюмуна кайрылсам, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетпептир, андан ашса гана төлөп берет элек деп коюшту. Бирок, бул табият кырсыгы болуп жатпайбы, мен зыянга учурап жатам. Мен эле эмес, коңшу-колоңдор деле шамалдан жабыр тартышты. Бирок, алар үйлөрүн камсыздандырбаган экен. Эми камыздандырууга ишенбей калдым, – дейт тургун Илязбек Рыспаев.
Аталган кырдаал боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад областтык филиалынын жетекчиси Закиржан Анарбаев төмөндөгүчө жооп берди.
-Сиздин нааразычылыгыңыз негизсиз, мыйзамга жатпайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, катуу шамалдын күчү секундасына 25 мтер жана андан жогору болгондо, камсыздандыруу окуясы болуп эсептелет. Сизге берилген метрологиянын тактамасында шамал ал көрсөткүчкө жетпегендигинин негизинде камсыздандыруу окуясы болуп эсептелбейт. Ошондуктан жогоруда жазылган мыйзамдын негизинде, кетирилген чыгымдарды төлөп берүүгө жатпайт. Сиз тараптан мыйзамсыз болгон окуяны төлөбөдү деп, элди туура эмес ойго алып барганыныз өкүнүчтүү. Далил катары Ала-Бука районунда болгон шамалдан жабыркаган 28 турак жайдын ээсине 376 миң сом төлөнүп берилген, ал эми 2019-жылы 2 турак жайдын ээсине 258 миң сом төлөнүп берилди. Жалпы Кыргызстан боюнча 2016-жылдын февраль айынан бери 318 турак жайдын ээсине 26 миллион 414 миң 668 сом акча каражаты төлөнүп берилген. Мамлекеттик уамсыздандыруу уюму жогоруда жазылган мыйзамдын негизинде иш алып баруубузду эскертебиз.
Мыйзам боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метр болушу керектигин мүлктөрүн камсыздандырып жатканда Камсыздандуруу компаниясы жарандарга эскерткенби? Ушул шарттар менен тааныштым, ага макулмун деп кол койдуруп алганбы? Кеп ушунда болуп жүрбөсүн…
Чынында жергиликтүү бийликтер жарандарды мүлктөрүн камсыздандырышы керектигин таңуулап жатышат, бирок жарандарды анын шарттары тууралуу маалыматтары жок.