Экс-президент Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы дача үйүнүн бүгүнкү күндөгү абалы кейиштүү. Убагында дүркүрөп, элди кызыктырып турган жай 2010-жылы таланып-тонолуп кеткен, бүгүнкү күнгө дейре ээнсиреп жатат. Эң кооз жайда жайгашкан, бизнес кылууга ылайыктуу жер эмне үчүн эч кимди кызыктыра алган жок? Ээн калса да жаз айларында “Бакиевдин дачасы” деп көргөнү келген эс алуучулар арбын. Анткени бул аймак кооздугу менен өзүнө тартат.
Аталган үй Бакиевдер тарабынан курулган. 2010-жылы ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин мүлктөрүнүн көбү тонолуп кеткен. Калган турак-жайлары конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлгөн. Жогорку сот К. Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган.
Сөз болуп жаткан Жалал-Абаддагы үйү “Элдик” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген. Алар жерди ижарага берип, өлкө казынасына пайда түшүрүшү керек эле. Тескерисинче, кароосуз калтырышкан.
-Бизден эч ким ижарага сураган жок. Анткени абалы кейиштүү, тонолгон, эч нерсеси калган эмес, – деп кыскача жооп берди аталган мамлекеттик ишкананын директорунун милдетин аткаруучу Алексей Апиев.
Убагында иштеп турганда бул дачада спорттук эс алууга шарт түзүлүп, теннис, билярьд столдору болгон. Ошондой эле сыйлуу коноктор үчүн атайын бөлмө уюштурулган.
Мурда иштеп кеткендер жанында булак суу чыгуучу жай барлыгын айтышат. Булактын көзүн тазалап туруш керек, болбосо суу жакшы чыкпай толуп калат.
Жаныбарлар да багылган деген имиш кептер айтылып жүрөт. Ошондой эле бийиктен туруп айлананы күзөтүп отуруучу жайы бар.
Жеке ишкерлерге ижарага берип иштете албагандыктан, “Элдик” мамлекеттик ишканасы дачанын жерине жанаша жайгашкан Кара-Алма токой чарбасына өткөрүп бермекчи болот. Мамлекеттик мүлк фондусу аркылуу аталган токой чарбага кат жолдошкон. Бирок, токой чарбадан эч кандай жооп болгон эмес.
-Бизде жетекчилик талаш, ызы-чуу болуп турган кезде, мүлк фондунан кат келген экен. Жетекчилик дайындалганда катка жооп берүү мөөнөтү өтүп кетип, калып кетиптир. Сиздер суроо менен кайрылганда издеп таптык. Эгерде кайрадан кат жазышса, биз макул болуп, өткөрүп алабыз. Жакшы болот эле. Ал жерди токойго кошуп, көрктөндүрүп карайт элек, — дейт Үрүм-Баш токойчулугунун жетекчиси Кыралы Назанов.
Ал эми көп жылдар экология тармагында иштеген Сабыр Маматалиев “Элдик” мамлекеттик ишканасынын токой чарбага өткөрүп берүүсүн жоопкерчиликтен качуу катары гана баалайт. Токой чарбасы көрктөндүрүп жашылдандырбаса деле ал жер көрктөнгөн жапжашыл жай, андан көрө лагер кылуу керек деп эсептейт.
-Өтө жакшы жерде жайгашкан, таза аба, тынч. Имараты дагы деле турат. Айнектери кимге керек болгон билбейм, жөн эле хулиганчылык кылып сындырып салышыптыр. Эс алууга ылайыкташтырылып салынган даяр жерди, мамлекеттин карамагына өткөрүп алгандан кийин бүгүнкү күнгө дейре кор кылып келишти. Эми токойго айландырып салуу — ансайын акылсыздык. Барып көргөн адам билет, балдарга лагерь кылууга абдан ылайыктуу. Бизде лагерлер жетишсиз, жаш балдарды толук камтый алышпайт. Жаш балдардын жайкы эс алуусун да эске алыш керек, – дейт С. Маматалиев.
Сабырбек Маматалиев: — Жалал-Абад областында аз гана лагерлер бар, кол менен санап коёсуң. Ушундай даяр зона турат. Кичине оңдоп-түзөп, шарттарды жаратып койсо эле иш бүтөт. Эмне үчүн жергилктүү бийликтер жаш балдар үчүн аракет кылбай жүрөт, билбейм. Же жеке ишкерлерге көп жылга ижарага бериши керек. Айтор, даяр нерсени бузуп, токойго айлантканга караганда, жаңы нерсени жаратып, муктаждыкты жойгон жакшы.
Роза Акматжан кызы
Бексултан АБИЕВДИН фотосу