Тогуз жыл мурдагы июнь окуясында улуттар аралык кастыкты козуткан сепаратист деп күнөө тагылган Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад областындагы мүлктөрү эмне болгон? Сот органдары аркылуу анын байлыктары конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлүп берилгендиги анык. Ал эми 2015-жылдын февраль айында “Элдик” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, К. Батыровдун мүлктөрү анын карамагына өткөн. Аталган ишканада К. Батыровдун 25 мүлкү турат. Ишкана бул мүлктөрдү ижарага берип иштетүү аркылуу өзүн каржылап, өлкө казынасына пайда алып келүү максатында түзүлгөн.
Тилекке каршы, “Элдик” мамлекеттик ишканасы 25 объектинин баарын эле ижарага берип, пайда алып келе алган жок. Айрым гана завод-фабрикалары ижарага берилип, иштетилгени менен айрым ишканалардан ижара акы өндүрө албай, соттошуп жүргөндөрү да бар. Айрым объекттеринин мүлктөрү тонолуп, бүгүнкү күндө ээнсиреп жатат. Ошентсе да элдик мамлекеттик ишканасы бир жылда өлкө казынасына 2 миллион 800 миң сом таза киреше алып келген.
Төмөндө тонолуп, ээнсиреп жараксыз жаткан мүлктөрүнүн тизмеси түзүлгөн. Аны “Элдик” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү айыл өкмөттөрүнгө өткөрүп берүү боюнча Мамлекеттик мүлк фондуна жана айыл өкмөттөргө кат менен кайрылган. Азырынча бир гана Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнөн бул маселе каралып жатканы тууралуу жооп келген.
- Базар-Коргон районундагы жер аянты 2,64 гектар болгон мөмө-жемиш сактоочу кампа.
- Жалал-Абад шаарынын Мельничный көчөсүндө жайгашкан аянты 27 сотых болгон бассейн.
- Жалал-Абад шаарынын Мельничный көчөсүндө жайгашкан р аянты 1,73 гектар кирпич заводу. Бул жерде 3 кирпич заводунун аймагы жалпы 5 гектарды түзөт.
- Жалал-Абад шаарынын Олег Кошевой көчөсүндө жайгашкан аянты 1,1 гектар болгон өндүрүштүк база.
- Жалал-Абад шаарынын Олег Кошевой көчөсүндө жайгашкан аянты 31 гектар болгон өндүрүштүк база. Учурда сот иштери бар.
- Жалал-Абад шаарынын өндүрүштүк зонасында жайгашкан 5,4 гектар аянты бар бетон сарай кампалары деп жазылган дарек, бирок учурда тургундар отурукташып, жер тамдар салынып турат.
- Ош аэропортунда турган учууга жараксыз болгон Як-40 самолёту. Окутуу үчүн көргөзмө катары колдонсо болот.
- Сузак районунун Дмитревка айылында жайгашкан 7 сотых жер.
- Сузак районунун Масадан айылында жайгашкан 9 сотых жер.
- Сузак районунун Таш-Булак айылында жайгашкан 12 сотых жер
- Таш-Булак айыл аймагынын Эшме айылында жайгашкан 60 сотых кайракы жер.
- Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы 170 чарчы метрлик жер тилкеси. Бул экс-президент Курманбек Бакиевдин Көк-Жаңгак шаарына жакын жайгашкан дачасы.
Бул аталган жайлар убагында дүркүрөп иштеп турганы менен кийин мамлекеттин карамагына өткөндөн баштап бүлгүнгө учураган, бүгүнкүгө чейин ээн калган.
Ал эми “Элдик” мамлекеттик ишканасы өзүнүн карамагында калтырып, ижарага берүү жолу менен мамлекетке пайда келтиребиз деген мүлктөрүнүн тизмеси төмөндөгүлөр:
- Жалал-Абад шаарынын өндүрүштүк зонасында жайгашкан, аянты 5,85 гектар таш майдалоочу заводу.
- Ушул эле өндүрүштүк зонада жайгашкан асфальт чыгаруучу заводу.
- Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан мурдагы КСД заводу
- Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан мектеп лицейи.
- Жалал-Абад шаарындагы Олимпийский көчөсүндөгү жер тилкеси. КПК ишканасы ижарага алган.
- Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан 1,04 гектар жер аянты.
- Ленин көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү квартира.
- Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан 200 орундуу бала бакча.
- Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан спорттук бассейн.
Ошондой эле буга чейин Арстанбап айыл аймагында жайгашкан пансионаты 2019-жылдын май айында Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына официалдуу түрдө өткөрүлүп берилген. Андан сырткары, Акман айыл аймагында жайгашкан жер үйү жана Базар-Коргон айыл аймагындагы жер үйү аталган айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрүлүп берүү алдында турат.
Жогоруда сөз болгон, ээн жаткан мүлктөрдү жергиликтүү бийликтер өз карамагына алып, өлкө пайдасы үчүн иштете алышабы же баш тартышабы, аны убакыт көрсөтөт. Ал эми “Элдик” мамлекеттик ишканасы аларды ижарага берип иштете алган жок.