Индиянын электрондук коммерция (соода) тармагынын өсүү траекториясы эбегейсиз тездик менен жогору атырылууда. Алсак, 2022-2023-финансы жылында Индия өкмөтүнүн электрондук базар платформасынын (GeM — Government electronic Market) товардык дүң наркы (GMV) 2,011 миллиард АКШ долларын түздү жана эң жогорку ибаскычка жетишти. GeM түзүлгөндөн бери 2023-жылдын 23-июлуна карата жалпы GMV көлөмү 4,5 лакк крондон (болжол менен 600 миллиард АКШ доллары) ашкандыгы менен белгилүү болуп, таасирдүү көрсөткүчтөрдү ырааттуу көрсөтүп келет. Бул ийгилик болжол менен 533.33 миллион АКШ долллары суммасына бааланган олуттуу үнөмдөөгө алып келет.
Мындан тышкары, Индиядагы интернет мейкиндиги тездик менен кеңейүүдө, Индиянын TRAIдин телеком кызматтарынын 2023-жылдын январь-март айлары үчүн көрсөткүчтөрүнө ишенсек, 2023-жылдын мартына карата 880 миллиондон ашык колдонуучулар бар экенин көрөбүз. Ошол эле мезгилде телекоммуникациялык абоненттердин жалпы саны 1,172 миллиондон ашты.
Индияда электрондук коммерциянын өсүшү ар кандай факторлор менен шартталган, анын ичинде смартфондордун көбөйүшү, элдин байлыгынын салыштырмалуу өсүшү жана маалыматка жеткиликтүү баалар. Колдонуучулардын базасы 800 миллиондон ашкан Индия дүйнөдөгү экинчи чоң интернет рыногу болуп саналат. Индияда 2023-24-финансы жылынын 31-декабрына чейин 9,300 миллиондон ашык колдонуучулар UPI акча которуу системасы аркылуу транзакцияларын каттады, бул санариптик коммерция экосистемасынын бекемдигин баса белгиледи. Ошол эле мезгилде, дүйнө жүзү боюнча жук ташуу кымбаттап баратат, бул товарлардын кымбатташына алып келет.
Борбордук Азияда электрондук коммерциянын абалы кандай?
KPMGнин (професионалдык сервис изилдөө компаниясынын) Борбордук Азиядагы электрондук коммерция боюнча отчету Борбор Азиянын төрт өлкөсүн – Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанды талдады.
Отчётто айтылгандай, Казакстан менен Өзбекстандын рыноктору 2025-жылга карата мындан аркы өсүшү болжолдонууда. Борбордук Азия чөлкөмүндө Казакстан электрондук коммерциянын дээрлик 10 пайызын жайылуу менен электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча лидер болуп саналат. Жергиликтүү жана эл аралык электрондук коммерция оюнчулары жогорку сапаттагы санарип соода тажрыйбасын (кийинки күнү жеткирүү, кабыл алуу пункттары, акылдуу кабинеттер, персоналдаштыруу, лоялдуулук боюнча программалары) камсыз кылуу аркылуу рыноктун өсүшүнө түрткү беришүүдө. 2025-жылга карата KPMG прогнозуна ылайык, өлкөнүн электрондук соода жүгүртүүсү 5 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Ушул жылдын 14-мартында Индиянын Электроника жана компьютердик программалык камсыздоонун экспортун колдоо боюнча кеңешинин (ESC) делегациясы Алматыда болду. Иш-чарага 150дөн ашык казакстандык компаниялар жана Алматынын Соода-өнөр жай палатасы жана «Kazakh Invest» улуттук компаниясы сыяктуу негизги кызыкдар тараптар катышты.
Өзбекстанда да 2022-2026-жылдары 40 пайыз болжолдонгон, CAGR тарабынан колдоого алынган, акыркы убакта чоң көңүл бурулуп жаткан жаңы базар эсептелет. Кыргызстан менен Тажикстан ар кандай себептерден улам потенциалы чектелүү өнүгүп келе жаткан рыноктор катарына кирет, бирок электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн негизги чектөө – бул өлкөлөрдө санариптик байланыштын деңгээлинин дагы эле төмөндүгү болуп саналат.
Азия Өнүктүрүү Банкы менен CAREC (Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташтык) институтунун биргелешкен изилдөө аракети COVID-19 кризисинин шартында Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрүндө онлайн сооданын өсүшүн көрсөттү. Бирок, аймактагы электрондук коммерциянын потенциалын толук ачуу үчүн дагы да олуттуу кадамдар талап кылынат. Натыйжалуу ишке ашырылган кезде электрондук коммерция чек ара аралык сооданы чыңдоого, экономикалык экспансияга, жумуштуулукту түзүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга, айрыкча аялдар жана майыптыгы бар адамдар сыяктуу маргиналдуу топтор үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындан тышкары, ал пандемия сыяктуу күтүлбөгөн кырдаладарда кызматтардын туруктуулугун камсыздайт. Кошумчалай кетсек, ал дебитттик карталарды жана транзакциялар үчүн мобилдик банкингди кабыл алууну стимулдаштыруу аркылуу финансылык инклюзивдүүлүктү илгерилетүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Кыргызстанда да, Тажикстанда да электрондук коммерция рыногу өнүгүүнүн алгачкы баскычында жана көлөмү боюнча дээрлик жокко эсе. Мунун негизги себептеринин бири — эки өлкөдө тең санариптик байланыштын денгээлин төмөндүгү, Тажикстанда жана Кыргызстанда интернеттин жалпы кириши тиешелүүлүгүнө жараша 37 жана 40 пайыз. Ал тургай, интернет ылдамдыгы дале болсо тынчсыздануу пайда кылган фактор бойдон калууда. Анын үстүнө, арзаныраак смартфондун кирүү мүмкүнчүлүгү да электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат.
Тажикстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү Эл аралык уюмдардын колдоосу менен жергиликтүү жарандардын жана ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу үчүн электрондук коммерция чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларды демилгелешти. Бирок, зарыл болгон МКТ инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү керек болот. Жалпысынан алганда бул аймак ички экономикалык максаттар үчүн гана эмес, экспорттук иш-аракеттер үчүн да чоң потенциалга ээ. Аймакта кол өнөрчүлүк кеңири жайылган. Өкмөттөрдүн тийиштүү колдоосу менен жергиликтүү бизнес эл аралык электрондук соода аянтчаларында болушу мүмкүн, алар потенциалдуу кардарлар үчүн өз өнүмдөрүн жеткиликтүү экспорттой башташат.
Алдыдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү күчтүү мобилдик банкинг системасына түзүүгө артыкчылык бериши керек. Мобилдик банкинг аркылуу онлайн транзакцияларды жеңилдетүү электрондук коммерциянын өсүшү үчүн, өзгөчө онлайн соода үчүн абдан маанилүү. Өкмөттөр маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) өнүктүрүүнү стимулдаштырып, колдоого алышы керек.
Байланышка мүмкүнчүлүгү жок адамдардын санын азайтуу жана түйүндөрдүн тыгынынын алдын алуу үчүн байланыш компаниялары тармактын камтылышын шаар борборлорунан тышкары да кеңейтиши керек. Киберкоопсуздук чараларын күчөтүү жана ишенимдүү маалыматтарды коргоо протоколдорун ишке ашыруу электрондук коммерция иш-аракеттери үчүн коопсуз чөйрөнү өнүктүрүү үчүн маанилүү.
Шаардык жүк ташуу логистикасына инвестиция салуу жана шаар менен айылдын ортосундагы, ошондой эле бөлүштүрүү борборлору менен керектөө базарларынын ортосундагы байланышты жакшыртуу электрондук коммерцияны кеңейтүү үчүн зарыл. Коридордун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн транзиттик эрежелерди өркүндөтүү транспорттук чыгымдарды төмөндөтүүгө жана жеткирүү чынжырында жеткирүү убактысын тездетүүгө жардам берет. Мындан тышкары, Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы байланышты чыңдоо аймактык экономикалык өсүш үчүн маанилүү.
Борбордук Азия өлкөлөрү алдыңкы маалыматтык технологияларды колдонууга үндөгөн жана тармактарга жогорку ылдамдыкта жетүүнү жеңилдеткен саясатты ишке ашыруусу керек. Электрондук коммерция секторун тездик менен эволюциялаштыруу жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн институционалдык жана электрондук соода саясатынын да негиздерин адаптациялоо өтө маанилүү.
Эркинбек КАМАЛОВ.