Астанада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитиндеги декларацияда терроризмге байланышкан бүгүнкү күндөгү өтө актуалдуу жана таасын кептер айтылып, чек ара аралык, ошондой эле аймактык бүтүндүк жана унаа коридорлору тууралуу да маселелер камтылды. Мунун өзү ШКУнун кабыл алып келген декларацияларынын ичинен бул документтин өзгөчө маанисин билдирип турат.
Терроризм Индия жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн курч көйгөй болуп кала берүүдө. Борбордук Азияда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун алты тарапкеринин жакында эле кармалышы Ченнайдагы индиялык коопсуздук кызматтарынын тынчсыздануусун жаратты. Бул экстремисттик идеология өзүнүн таасирин Индияда да кеңири жайылтышы мүмкүн деген тынчсыздануу бар. Деген менен, май айында Ченнайда бийликтер экстремисттик топторго каршы операцияларды баштап, “Хизб ут-Тахрир” уюмунун алты тарапкерин камакка алып, уюмдун экстремисттик идеологиясын колдогон диний абадияттарды жана үгүт материалдарын алышкан болчу.
Ошол эле кезде “Ислам мамлекети” өзүнүн таасир этүү зонасын Афганистандан Тажикстанга жайылтууда, Кыргызстан жалпы Борбордук Азияда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна каршы күч-аракетин активдештирип жатат. Жакында эле Казакстан экстремисттерге каршы айрым аймактарында аракеттерди өткөрдү. Казак бийликтери бир нече радикалдарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү өлкөнүн төрт аймагында: Астанада, Шымкентте, Атырауда жана Жамбылда кармады.
Быйылкы март-май айларында кыргыз бийликтери өлкөнүн ар кайсы аймактарында “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрүн кармашып, алардан курал-жарак жана адабияттарды тартып алышкан. Июнь айында болсо, Кыргызстан “Ислам мамлекети” тобун жактаган 15 тарапкерин камакка алганын жарыялады жана бул Москвада март айында болуп өткөн чабуулдардан кийин кыйла тынчсызданууну пайда кылды. Бириккен Улуттар Уюму “Ислам мамлекетинин” бул бутагын “Афганистан жана анын менен чектешип турган Борбордук Азия үчүн аймактагы бүлүк салуучу “эң бир чоң террордук коркунуч” катары баалады.
Индиянын коопсуздук органдары Борбордук Азияда экстремисттик идеологиянын жайылышына дыкаттык менен көңүл буруп келишет, анткени өзүнүн толеранттыгы жана плюрализми менен көрүнгөн бул аймактагы абал Индияга да таасирин тийгизиши ыктымал. Индия өз кезегинде терроризмге каршы күрөштө борборазиялык өлкөлөр менен тыгыз кызматташып, чек ара аралык терроризмге жана радикализмге каршы кескин жооп кайтаруу жагынан таасирин көрсөттү, бул Астанада жакында болуп өткөн саммитте ачык көрүндү. Жакынкы айларда Нью-Дели бул борборазиялык өлкөлөр менен терроризмге каршы күрөштөгү өнөктөштүгүн арттырышы күтүлүп жатат.
ШКУнун самиттиндеги Астана декларациясына ылайык, мүчө мамлекеттер өз аймагында мамлекеттик суверенитетке жана аймактык бүтүндүккө шек келтирген принциптерге каршы келген аракеттерди болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттеништи. Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштүн жактоочусу экенин тастыктоо менен алар террордук, сепараттык же экстремисттик топторду жалданмачылык максаттарда пайдаланууга жол бербөөнү тастыкташат. Алар террордук жана экстремисттик коркунучтарга каршы турууда суверендүү мамлекеттердин жана алардын компетенттүү органдарынын башкы милдеттерин таанышат.
Декларацияда мүчө-мамлекеттер терроризмдин же жарандарга каршы агрессивдүү аракеттердин ар кандай актыларын, ошондой эле кол тийбестиги эл аралык укук нормалары менен корголгон ШКУнун мүчө мамлекеттеринин дипломатиялык миссияларынын жана консулдук мекемелеринин аракетсиздигин кескин айыпташат. Алар терроризмге каршы күрөштө кош стандарттарга жол берилбейт деп эсептешет. Терроризм анын ар кандай формасында же көрүнүшүндө акталууга жатпайт, дүйнөлүк коомчулук террористтерди колдогондорду жана калкалагандарды бир жактуу айыпташы ылаазым. Мүчө мамлекеттер террористтер тарабынан маалымат мейкиндигин экстремисттик идеологияларды жайылтуу үчүн колдонууну, айрыкча жаштар арасында, олуттуу коркунуч катары кабылдашат.
Декларацияда мүчө мамлекеттер эл аралык коомчулук террористтерди жаап-жашырган, аларды калкалаган же терроризмге жол ачып берген өлкөлөрдү чектөөгө алып, бетин ачышы абзел экенин баса белгилейт. Алар эл аралык террордук уюмдар тарабынан уюштурулган ШКУга мүчө мамлекеттерге каршы киберпропаганда жана дезинформация кампанияларына каршы турушат.
Мүчө мамлекеттер эл аралык коомчулукту Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык терроризм менен күрөшүү жөнүндө Баарын камтыган комплекстүү конвенцияны кабыл алуу боюнча консенсустун үстүнөн иштөөгө чакырат, бул негизиен азыркы терроризм менен күрөшүүнүн глобалдуу структурасына кошумча катары кабылданмакчы.
Террористтик топтор тарабынан таркатылып жаткан пропагандага байланыштуу олуттуу тынчсыздануу менен мүчө мамлекеттер радикалдык идеологиялардын, диний касташуулардын, ксенофобиянын, агрессивдүү улутчулдуктун, ошондой эле этникалык жана расалык дискриминациянын таркалып кетпестиги үчүн бирдиктүү аракеттерди улантышат. Алар терроризмди каржылоо, террористтерди тартуу жана чек аралардан өткөрүү, жаштарды радикалдаштыруу жана жаңы маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды террордук максаттарга пайдалануу сыяктуу көрүнүштөргө чечкиндүү күрөш алып баруу менен терроризмге жана экстремизмге жол ачкан шарттарды жок кылууга комлпекстүү чараларды ишке ашыруу үчүн даяр турушат.
Жаңылыктар агенттиктеринин билдиришинче, Индия Афганистандагы жана ага жакын жайгашкан аймактардагы “Ислам мамлекетинин” бутагы болгон “Хорасан ислам мамлекети” (ХИМ) тобунун таасиринин артып барышына дыкаттык менен көңүл буруп келет. Бул коркунучка каршы туруу үчүн Индия терроризм менен күрөшүүдө евразиялык өлкөлөр менен кызматташууну күчөттү. Коопсуздук багытындагы эксперттердин көңүлү Ирандын түндүк-чыгышына, Афганистандын батыш-түндүгүнө, Түркмөнстандын чыгышына, ошондой эле Тажикстандын жана Өзбекстандын айрым аймактарына багытталган, анткени ХИМ өзүнүн тармактарын жана үгүт иштерин ошол аймактарда кеңейтиши ыктымал. Бул болсо, Индиянын Борбордук Азия боюнча жасап жаткан позитивдүү аракеттерине тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Москвада жүз берген террордук чабуулдан жана Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрүндөгү террордук топторду жоюу аракеттеринен кийин Индия Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен бирдикте ХИМдин андан аркы аракеттерине дыкат баам салууну күчөттү.
Эркинбек КАМАЛОВ.