Индия менен Борбордук Азиянын энергетика багытындагы өз ара кызматташтыгы дагы да тереңдей бериши мүмкүн. Деген менен, бул аракеттер Индиянын энергетика тармагында лидер катары позициясын бекемдешине жардам бермекчи.
Эске сала кетсек, Индия 2012-жылдан бери Борбордук Азия менен кызматташууга активдүү көңүл буруп, коопсуздук, энергетика жана экономикалык өнүгүү чөйрөлөрүнө багытталган байланыштардын бекемделишине кызмат кылуучу “Борбордук Азияны бириктиребиз” демилгеси менен чыккан. Борбордук Азия өз кезегинде өзүнүн бай энергетикалык ресурстарын: нефтини, жаратылыш газын, көмүрдү, уранды жана башка пайдалуу кен байлыктарын сунуштап келет. Бул улам өсүп келаткан энергетикалык муктаждыктарын эске алганда Индиянын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши үчүн кыйла маанилүү.
Борбордук Азия Индия үчүн стратегиялык жана геоэкономикалык мааниге ээ, айрыкча энергетикалык кызматташтык чөйрөсүндө. Индиянын ээ-жаа бербеген энергетикалык муктаждыгы жана Борбордук Азиянын бул чөйрөдөгү бай кору Индиянын бул аймактагы кызматташтыкты өнүктүрүү амбициясын жогорулатып келүүдө. Бул амбициялар Индиянын бул аймактын экономикалык перспективаларын үйрөнүү аракети менен да коштолуп жатат.
Индия үчүн Борбордук Азия чөлкөмү өзүндөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциялынын жогору экендиги, өндүрүш жана транспорт багытындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен баалуу, ошону менен өзүнө тартып турат. Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу аймагы кенен өлкөлөр шамалдын жана күндүн энергиясын пайдалануу аркылуу энергетикалык маанилүү чечимдер үчүн ыңгайлуу. Анысы аз келгенсип, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы стратегиялык абалы менен Борбордук Азиянын беш өлкөсү келечектеги өз ара чынжырлаш энергетикалык түйүндөрдү түзүү жана ишке ашыруу жаатында негизги оюнчулардан болуу мүмкүнчүлүгүгө ээ. Ошондой эле кызматташтыктын дагы бир өңүрү болуп, өзөктүк энергия да өзүнүн позитивдүү ролун ойношу ыктымал.
Борбордук Азия чынында эле көмүртек жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына бай энергетикалык потенциялы бар келечектүү оазис. Ушундай байлыктардын болушуна карабастан бул ресурстар совет мезгилинде пайдаланылбай келе берген. Советтер союзунун ыдырашы менен Борбордук Азия энергетикалык потенциялык жогору аймак болуп чыга келди. Деген менен, бул ресурстардын өлкөлөр боюнча бөлүнүшү бирдей эмес, мисалы, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан көмүр, нефть жана жаратылыш газын эске алганда көмүртек коруна бай. Маалыматтарга караганда, Борбордук Азияда жаратылыш газынын дүйнөлүк корунун 4 пайызы, нефтинин 3 пайызы орун алган. Бул көмүртек кору кургак жер аймагында да, деңиз аймагында да (Каспий деңизи) жайгашкан.
2022-жылы январда өткөн биринчи Индия-Борбордук Азия саммитинде энергетикалык байланыштар боюнча дискуссия жүрүп, коопсуздукту кошуп алгандагы Индиянын негизги көйгөрлөрү айтылган. Эл аралык энергетикалык агенттиктин отчёту боюнча, 2000-жылдан бери Индиянын энергетикалык керектөөлөрү эки эсе өскөн, анан да калктын санынын жана экономикалык жогорулоонун аркасында дагы да өсө бермекчи. Эми 2021-жылдан 2040-жылдын аягына чейинки мезгилде Индия башка бардык өлкөлөргө салыштырмалуу энергетикалык муктаждыкты көбүрөөк сезет.
Ушундай өсүп бараткан муктаждыктарды канааттандыруу максатында Индия Борбордук Азия менен энергетика жаатында тыгыз кызматташууга кызыкдар. Энергетикалык коопсуздук жагынан алып караганда, Индия өзүнүн энергия булактарынын коопсуздугун гана камсыз кылбай, ошондой эле импорт булактарын диверсификациялоо аркылуу өзүндөгү саналуу гана өндүрүшчүлөрдөн көз карандылыгын азайтат. Көмүртек менен эле бирге бул аймак Индиянын жарандык өзөктүк программалары үчүн уранды камсыз кыла алат. Анан калса, Тажикстан менен Кыргызстандын аймагындагы өндүрүлгөн суу-электр энергиясын көбөйтүү менен ашыкча электр кубатын экспорттой алмакчы.
Деген менен, Индиянын Борбордук Азия менен болгон энергетикалык байланыштарын бекемдөө жагынан айрым кыйынчылыктар да кезигет, бул, биринчи кезекте, эки тараптын ортосундагы кургак жана деңиз аркылуу түз байланыш жолунун жоктугу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бир катар сунуштар болду, анын эң оңтойлуу варианты катары Эл аралык Түндүк-Түштүк унаа коридору эсептелет. Ирандагы Чабахар жана Бандар-Аббас портторунан пайдалануу менен бул коридор Борбордук Азияга жана анын чегинен ары жактарга жетүүнүн ыңгайлуу багыты болуп саналат.
Бул аймактын энергетикалык ресурстары Индия үчүн өзгөчө баалуу эсептелет, анткени өлкөнүн экономикасынын өсүү траекториясы улам өйдөгө көтөрүлүүдө. Деген менен, Индиянын бул аймак менен миңдеген жылдардан бери тарыхый жана цивилизациялык байланыштары боло келген. Эми болсо, экономикалык кызматташтык байланыштары күчөп, учурда өзүнүн өзөктүк объектилери үчүн Казакстандан уран оксидин, диуранды сатып алууда. Ошондой эле Өзбекстандан да уран импорттоп келет.
Борбордук Азия Индиянын “Бир күн, бир дүйнө, бир тармак” демилгесине кызыкдар экенин билдирип жатат. Бул демилге Индия менен Франция башында турган күн альянсы менен тыгыз кызматташтык аркылуу глобалдуу деңгээлде күн энергетикасынын өз ара байланыштуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган. Энергетикалык байланыштарды күчөтүү үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалымат технологиялары, санариптик инфраструктура жана алдыңкы технологиялар багытындагы улуттук адистешкен мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты жолго коюунун зарылдыгы турат.
Азыркы доордо энергетика өлкөлөрдүн геосаясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн калыпка салынышына негизги ролду ойнойт. Ошол эле кезде Борбордук Азия да Индия сыяктуу өлкөлөргө улам өсүп жаткан калкынын энергетикалык муктаждыктарын канааттандыруу жагынан, туруктуу экономикалык өнүгүүнү колдоо багытында альтернативдүү энергия булактарын сунуш кылуучу энергетикалык борборго айланды. Ал эми жаратылыш газына карата жогорулап бараткан керектөөлөр Борбордук Азияда нефтегаз секторунун дагы да өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы.
Эркинбек КАМАЛОВ.