Башка бардык өлкөлөрдө илимге көңүл бурулуп, колдоп, анын пайдасын ар тараптуу өнүгүүгө багыттап жатышат. Бизде таптакыр тескерисинче, илимди өгөйлөп, колдобой, керек болсо тыптыйпыл кылуунун аракети жүрүп жатканы абдан өкүнүчтүү. Эгер мындай нерсе ХХI кылымда эмес, тээ орто кылымда жүз берсе, аны түшүнсө болор эле. Келип-келип Кыргызстандын ушул азыркы абалы орто кылымдагыдай болуп жатканын кара.
Жогору жактагылар, Билим берүү жана илим министрлиги баш болуп, башкалары төш болуп, эми Улуттук Илимдер Академиясын жок кылмакчы болуп жатышканын билип турабыз. Жакын арада ушуга байланыштуу мартабалуу жарлык чыгып калышы да күтүлүп турат. Эгер ошол “демилгечилердин” идеясына көңүл бурсак, эми Улуттук Илимдер Академиясы жоюлат да, ага караштуу бардык илимий субъекттер министрликтин жана анын алдындагы жогорку окуу жайлардын карамагына берилет. Илимий сектор мурдагыдай өз алдынча тармак болуудан калат. Мунун азыр Кыргызстан үчүн канчалык зарылдыгы, мааниси барлыгын түшүнө албайсың.
Тактап кете турган болсок, 19 илимий институттан 12си жоюлат экен да, болгону 7 институтут калат. Алар тарых, тил сыяктуу институттар болот деген кеп бар. Ал эми башкалары, чыныгы илимий табылгалардын артынан сая түшүп иштеп жаткан, мына-мына коомго, эл чарбасына пайда келтирем деп жаткандары ар кайсы унивеситеттерге кошулат экен. Ошентип, өлкөнүн илимий чөйрөсүндө ушундай бир реформа жүрөт экен. Бирок, ал бизге келечекте эмне берет? Ошону жакшылап ойлонуп көрүштү бекен?
Мисалы, Академияга караштуу Жалал-Абад илимий борбору Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ) кошулары да белгилүү болуп калды. Чынында буга чейин эле Жалал-Абад илимий борбору ЖАМУ менен чогуу иштешип келаткан. Бир катар маселелерде чогуу аракеттер болуп эле келатат. Бирок, ЖАМУга өткөн соң, токой, экология, топуракты жана этимологияны (курт-кумурскаларды) изилдеген, окуткан кафедралар, изилдегендер калган эмес. Эгер кошуп койсо, анда бул багыттар боюнча изилдөөлөргө, изилдегендерге ЖАМУ кайсы илимий базасын, майданчасын же платформаларын сунуш кылат? Эчтеке жок болсо, анда илимий борбордогулар ал жерде эмне жасашат?
Ырас, Жашыл энергетика жана геоэкология лабораториясы ЖАМУ менен дамамат иштешип келатабыз, себеби Жалал-Абад илимий борборунда база, лаборатордук мүмкүнчүлүктөр бар. ЖАМУда ушундай аталыштагы эки кафедра бар, алар менен байланышыбыз жакшы. А бирок, калган токой, топурактын кыртышын изилдөө, энтемология, токой ландшафты, жаңы токой өсүмдүктөрүн изилдөө сыяктуу маанилүү багыттар боюнча адистиктер жоюлабы? Булардын мындан ары кереги болбойбу? Азыр дүйнө боюнча ушул багытка катуу маани берилип жатса, биз бир “реформа” менен баарын жайлап салабызбы? Же болбосо, ЖАМУ ушул багыттарды, адистиктерди атайын кафедра түзүп, толугу менен каржылап турабы? Бул жагы кандай болуп калат?
Жалал-Абад илимий борборуна караштуу 1000 гектардан ашуун илимий-изилдөө полигондору бар. Аларда ар кайсы багыттар боюнча илимий изилдөөлөр жүрүп келет. Жаш илимпоздор ал жерде маанилүү иштерди алып барышат. Эми аларды кайда алып барабыз? Ал түркүн-түмөн иштерди ЖАМУ каржылайбы же жаап салабы? Ушул жагын ойлонуу ккрек го. Же мындай “баланы” баккандан көрө өлтүрүп салган оңой же артыкпы? Башыбызга балээ кылбай, кыскартып, казынаны үнөмдөп, беймарал жашайлычы деген максатпы?
Эми мейли, бул демилгелер да ким-бирөө үчүн керектир дейли, ушинтип бир мүдөө ишке ашып кетер. Бирок, мыйзадуу жагы кандай болот? Себеби, 2002-жылы 25-июлдагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган, академия жана ага караган илимий субъекттер ошол мыйзамга жараша иштеп келишет, жөн эле эмес. Эгер эле академия жана ага караштуу институттар, субъъекттер жоюлуп, башка субъъекттерге өткөрүлүп бериле турган болсо, адегенде ошол мыйзамды жокко чыгарыш керек. Анын ордуна башка мыйзам кабыл алып, мүлктүн, субъекттердин, илимий кызматкерлердин бүт тагдырын мыйзамдуу негизде чечиш керек. Алеки саатта эле буйдамалап чеч салган болбойт.
Деген менен, мамлекеттик мүлктүн ээсин алмаштыруу, башкага берүү жагы да өз процедуралары менен кетиши керек. Жөн салды эле кармата бере турган нерсе эмес. Жогоруда аталган мыйзамдын 18-статьясында бул жагы дыкаттык менен каралып, жазылып калган, аны бузууга болбойт. Айланма жана негизги фондулар, каражаттар, жерлер, жабдуулар бар, ким каалаган маалда демилге көтөрүп, жарлык чыгартуу менен эле чечилип калбайт.
Эми аны да балта менен керте чаптыңар дейли, мызамды карабадыңар дейли, бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясында илим тармагын Улуттук илимдер академиясы координациялайт, ким каалаган келип эле боткосун чала берген болбойт, деп жазылып турбайбы. Аны кантебиз? Конституцияга өзгөртүү киргизебизби? Ал деген узакка созулчу атайын процедуралардан турган нерсе го. Жарлык менен жайлай турган нерсе эмес да. Эгер Конституция өзгөрсө, анан жогоруда аталган мыйзам да Жогорку Кеңеш тарабынан жокко чыгарылып, анан гана мүлктү, субъекттерди, жерлерди, негизги фондулар менен айланма каражаттарды мамлекеттик менчикти башкарган бийлик органы башкаларга мыйзмдуу негизде берсе болот. Баарынын мыйзамдуу жолу бар го.
Бүгүнкү күндө билим жагынан жыргап кеткен жокпуз да. Ансыз да барган сайын коомчулукта сабатсыздык артып баратса, жергиликтүү бийликтерди айтпай эле коёлу, тээ жогорку башкаруу бийликтеринин башкаруучулары бирдеме жазса, ондоп ката кетирип жатса, аны баары көрүп турса, илимди барктап, нарктап колго алгандын ордуна чоң муштум мушкерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, башчыларыбызга чейин аларга жан тартып турсак, анан колдо бар илимий чөйрөнү да жоготуп, ар кимисин ар жакка чачып, эртең сабатсыз, билимсиз, илимсиз коом болуп, отуруп калбайбыбы? Эртең илимдүүлөрдүн эмес, чоң муштумдардын, акча айланткандардын, уурулар менен кылмышкерлердин коомуна айланып кетпейбизби?
Тээ атам замандарда, билими-илими жок башчылар, өкүмдарлар илимдүүлөрдү колдоп, сыйлап-урматтап, алардын пайдасын мамлекетти чыңдоого, коомду алдыга жылдырууга пайдаланышкан экен. Ошого аракет жасашкан экен, мисалдар толтура. Эми жыйырма биринчи кылымда Кыргызстан илим чөйрөсүн ары түртүп, андан кутула албай жатканы эмне жорук? Муну Кыргызстандын сырткы душмандары жасаса, ал түшүнүктүү болмок. Муну өзүбүз, болгондо да Билим берүү министрлиги жасап жатканы кандай? Муну кандай түшбүнсө болот?
Өлкөдө мектептер жетишпей жатат, бир класста 40-50дөн ашуун бала отурат. Балдар бакчасы жетишпей жатат, аларга жашынан базалык билим берүү болбой жатат. Мугалимдердин да билим деңгээли, педаогикалык базасы начар, бул тууралуу дайыма айтылууда. Окуучуларды сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу өтө начар абалда. Муну отуз жылдан бери айтып келишет, бүгүнкү күнү да ушул маселе чечилбей турат. Чыккан окуу китептеринин ичинде каталары толтура, мунун ата-энелер, коомчулук айтып келет. Иши кылса, Билим берүү министрлигинин жасай турган иштери абдан көп, көйгөйлөр чачтан көп. Эми ушул маселелерди чечпей туруп, ушул маанилүү көйгөйлөр менен алпурушпай туруп, Илимдер Академиясына кол салганы туурабы? Бир жагын чечпейт туруп, эми экинчи жагын да тыйпыл кылуу максатка ылайыктуубу? Бул эмне деген түркөйлүк.
Туура, илим чөйрөсүнө реформа керек, аны заманбап рельсага отургузуп, илим менен өндүрүштүн байланышын чыңдап, мамлекетке опол тоодой пайда келтирсе болот. Эмнеге ал болбой жатат? Себеби колдоо жок, туура саясат жок. Эгер илим жагын каражаттап колдосо, көптөгөн изилдөөлөрдү каржыласа, мыкты илимпоздорду ар тараптуу колдоп турсак, албетте, илим өз натыйжасын мамлекетке, коомго берет болчу. Илимпоздордун колунда эң керектүү жабдуулар жок, ал жабдууларды сатып алууга же жасатууга акча жок, илимий көп иштерди алып барууга каржылык чама жок. Илим чөйрөсүндө иштеп жаткандардын эмгек акысы абдан аз, адистер карыз алып, айдан-айга жеткире албай эптеп жашап жатышат. Анан кантип илим өнүгөт? Ылдый жактын маалыматтарын чогултуп, жогору жакка жөнөтүп койгон чиновниктерге деле эмгек акы 2-3 эселеп көтөрүлдү. Аларга табылган акча илим жаатындагыларга неге табылбайт? Айта берсе, мындай көйгөйлөр абдан эле көп.
Эми илим чөйрөсү мамлекетке ашык жүк болуп калдыбы? Ушунун артында Билим бербүү министрлиги турабы? Ишенгиң келбейт.
Бул максаттан, багыттан, “реформа” деп аталган бузукулуктан кайтуу керек. Бул акыры барып жакшылыкка алып келбеген нерсе. Билим берүү министрлиги бузуу менен эмес, түзүү менен алек болгону жакшы. Улам кертип, кыркып отуруп, бир күнү эчтеке жок куржаклак калабыз. Илим жаатына тийишпей эле койгула, колдон келсе, колдогула, пайдасын көргүлө. Дыйкандар да жерге үрөн сээп, алты ай жер менен жер болуп иштеп, мээнет кылып, анан түшүм алат. Илимден түшүм алыш үчүн ага да мээнет, сарп (инвестиция) болуш керек. Жөн эле эптеп айлык берсе, баары болуп калбайт. Анан калса, тигинтип жоюп, ар кимисин ар кайсы тешикке тыгып койгондо, ого бетер пайда болбойт. Мамлекетке, коомдун келечегине опол тоодой зыян гана болот. Эртеңкини ойлонолу! Шашпайлы!
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жалал-Абад илимий борбору.