Бүткүл дүйнөдө ичүүгө жарактуу суунун көлөмү киши башына эсептегенде акыркы 20 жылда эч болбогондо 20 пайызга азайды. Эгер тийиштүү чаралар көрүлбөсө, суунун көлөмүнүн азайышы улам таздей бериши ыктымал. Деген менен, 3 миллиард киши суу жетишсиздиги каптаган айыл чарбалуу аймактарда жашап турат. Дүйнөнүн айрым аймактарында, мисалы Борбордук Азияда бардык калктын 20 пайызы жашайт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба фонду билдирди.
БУУнун аталган фондунун атайын докладында ичүүгө жарактуу сууну сарамжалдуу керектөө башкы орунда турат. Бул үчүн ар бир өлкө тийиштүү чечкиндүү кадамдарды жасоосу зарылдыгын фонддун жетекчиси Цюй Дунъюй билдирген. Бул деген, кургакка чыдамдуу айыл чарба өсүмдүктөрүн пайдалануу, агрардык сектордо жаңы технологияларды өздөштүрүү, сугат системаларын модернизациялоо жана сугат суусуна квоталарды киргизүү болуп саналат.
Аталган фонддун билдиришинче, ар бир кишиге эсептегенде сууну көп пайдалаган аймак Борбордук Азия эсептелет. Ал эми өнүгө элек өлкөлөрдөгү калктын 74 пайызы ичүүгө жарактуу таза суудан өксүйт. Дүйнөнүн 91 өлкөсүндө айыл чарбасын суу менен камсыз кылуу жагынан улуттук пландары бар, ал эми тогузунда бул максатка зарыл каражаттар бөлүнүп берилген. Анан калса, биоотундар казылып алынуучу отунга караганда сууну 70-400 эсе көп керектейт.
Булак: news.un.org