Албетте, элдин санын көзөмөлдөө, демографиялык маселелер боюнча Индиядагы көйгөйлөр толтура, бирок Кытайга салыштырмалуу Индияда тартипке салынган системдүү аракеттер болгондуктан, бул атаандашууда утук аларда болгону далилденди. Бул тууралуу Индиянын Калкты жайгаштыруу фондусунун аткаруучу директору Пунам Муттрежанын Аль-Жазира (www.aljazeera.com) сайтында жарыяланган “Эмне үчүн Кытай элдин санын туура эмес көзөмөлдөйт; Индия муну туура жасады” аттуу макаласында кеңири айтылды.
Макалада жазылгандай, жарым кылым мурда Индия менен Кытай калкты жайгаштыруу боюнча окшош эле абалда турган. Алардагы төрөт саны ар бир аялга 5,6 жана 5,5 болуп, калктын саны турукташа турган 2,1 деңгээлинен кыйла жогору эле. Колониялык жана империялык ыза-кордуктардан жана согуштардан кийин улутту өксүк абалдан алып чыгып, өнүктүрүп кетүү аракети учурунда алар окшош социалдык көйгөйлөргө, өнүгүү кыйынчылыктарына дуушар болушкан.
Деген менен, калктын санын көзөмөлдөө багытында алардын кийинки аракети таптакыр башка нукта кетти. Азыр Индия артыкчылык абалында, бирок буга ал кантип жетишти, кеп ушунда турат.
Шашпаган жана туруктуу Индия
Макалада айтылгандай, Индия шашпаган, туруктуу жана таптала элек жолго түшүү менен үй-бүлөнү пландаштыруу программасын 1952-жылдан бери ишке ашырып келет. Ал программа үй-бүлөлөргө репродуктивдүү саламаттык багытында тейлөө кызматтарын сунуштап, түгөйлөргө сактануу каражаттарын тандоо жана канча балалуу болууну өздөрү чечүү эриндигин берген.
Бул стратегия дароо эле ийгиликке жетишкен эмес. Адегенде калктын санынын өсүү темпи 1961-жылдагы 21,6 пайыздан 1971-жылдагы 24,8 пайызга өсүп кетип, калктын саны 439 миллиондон 548 миллионго чейин көбөйдү. Негизинен бул жашоо узактыгынын артышынан улам болду: бул он жылдыкта ал 45 жылдан 49 жылга чейин узарган.
Мындай көбөйүп кетүүнүн сандарынан улам келип чыккан кыжаалаттык ушунчалык болгондуктан, ошол кездеги премьер-министр Индира Ганди 1975-жылы өлкөдө чукул кырдаал жарыялап, көптөгөн жарандык укуктарга чектөө киргизип, адамдарды, айрыкча эркектерди мажбурлап стерилизациялоо тартибин киргизген.
Анан 1977-жылы чукул кырдаалды алып салуу менен Индия кайра мурдагы жолуна түшөт да, калктын санын турукташтыруу боюнча репродуктивдүү саламаттык багытында кызмат көрсөтүүнү жана үй-бүлөнү пландаштырууну каражат катары пайдаланат.
Индия федералдык өлкө болгондуктан, штаттардын өкмөттөрү өздөрүнүн приоритеттерин аныктап алышат эмеспи. Ушул жагынан алганда Керала жана Тамилнад сыяктуу түштүк штаттар социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасашты.
Ушундай аракеттердин аркасында Индиянын калкынын өсүшү 1981-жылдан баштап төмөндөй баштаган жана бул тенденция дагы эле уланууда. Мисалы, 1991-жылга карата Индиядагы төрөттүн жалпы коэффициенти 4кө чейин түшкөн, башкача айтканда, 2001-жылы 3,3, ал эми 2011-жылы 2,5ке чейин төмөндөгөн. Акыр аягында, 2020-жылы Индия демографиялык жактан туруктуу деңгээлге жетип, бул жалпы өлкө үчүн маанилүү жеңиш болуп калды.
Тез жана дүркүрөгөн Кытай
Пунам Муттрежа Индия 2020-жылы калкты жайгаштырууну турукташтырып алган кезде Кытай 1970-жылдары өзү дуушар болгон демографиялык кризистен тескери айырмаланган кыйынчылыкка кептелгенин кеп салат. Өлкөдө төрөт деңгээли ушунчалык төмөндөгөндүктөн, калкты жаңыртып туруу деңгээлинен кыйла түшүп кетти жана төрөттүн артышына жетишүү үчүн өлкө бир катар саясий өзгөрүүлөргө барууга мажбур болду, себеби ал коомдун картайышы, жумушчу күчүнүн чектелиши жана экономиканын жайлашына алып келди.
Бирок, Кытай болгону бир катачылыктан экинчисине гана кадам таштаган эле. Кантип?
Коммунистик Кытай 1948-жылдан кийин инфратүзүмдөргө жана саламаттыкты сактоого кыйла каражаттарды жумшап, төрөттү тезинен азайтууга аракет жасаган. Абдан тездик менен. Ошентип, 1970-жылдары өлкө үй-бүлө күтүүнүн жаш курагы боюнча жаңы ченемдерин киргизди: аялдар 23 жаштан, эркектер 25 жаштан төмөн болбоого тийиш эле. Шаардагы түгөйлөргө үй-бүлө күтүүнү дагы да артка жылдыруу сунуш кылынган. Төрөттүн деңгээли 1971-жылы ар бир аялга эсептегенде 5,5тен 1979-жылдагы 2,7ге түштү.
Деген менен, Кытай үчүн бул да жетишсиз эле. Анан 1979-жылы бирден бала күтүү нормасы киргизилип, эки же андан көп бала күткөндөргө айып пул салынды. Андан тышкары, төрөттү азайтуу аракети менен мажбурлап стерилизациялоо жана бойдон алдыруулар жүрүп турду.
Ал эми 1980-жылдары төрөт көрсөткүчтөрү жаатында туруксуздук пайда болду, негизинен ар бир аялга эсептегенде калктын көбөйүшүн жаңыртып туруу деңгээли бир аз жогорулаган. Бирок, 1990-жылдары төрөт саны калктын санын жаңыртып туруу деңгээлинен түшүп, бурулуш мезгил болуп калды, ошондон бери төмөндөп келатат.
Бул саясат жыныстардын сан боюнча тең салмагына доо кетирип, канчалык терс кесепеттерге алып келгенин Кытай эми гана билди: эркектер аялдардан көп жана калкы бат картайып бара жатат. Кытай 2016-жылы саясатын өзгөрттү да, үй-бүлөлөргө экиден бала күтүүгө жол берди, ал эми 2021-жылы үч бала күтүүгө жол ачты. Деген менен, ондогон жылдар бою улантылган жазалоочу чектөөлөр өлкөнүн демографиялык абалына ушунчалык фундаменталдуу таасир кылгандыктан, төрөттүн көбөйүп кетишин айтпаганда да, эми анын кесепеттерин азайтуунун өзү оңой болбойт. Ошентип, 2022-жылы акыркы 60 жыл ичинде биринчи жолу Кытайдын калкы — дээрлик 1 миллион кишиге — кыскарып кетти.
Алдыдагы жол
Бүгүнкү Индия жана Кытай алдыдагы жылдарда ар кандай демографиялык ландшафттары менен кагылышуу алдында турушарын белгилейт Пунам Муттрежа макаласында.
Кытай тездик менен картая берет. Анын калкынын 65 жаштан өйдөкү үлүшү кылымдын башталышындагы 7ден 13 пайызга өсөт. Өлкөнүн тээ мурдатан башталган чектөө саясаты башка да терс кесепетке – гендердик олуттуу дисбаланска алып келди: 2020-жылы төрөгөн 1000 аялга эсептегенде 1123 эркек балдар туура келди. Бул көйгөлөргө дуушар болгон Кытайга эми экономикалык өнүгүүнү колдоо жана улгайган кишилердин муктаждыктарын канааттандыруу жаатында инновациялык чечимдер талап кылынат.
Ошол эле кезде Индиянын жаш мууну, алардын жарымы 30 жашка чейинкилер, өлкөгө үлкөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кыла алат. Кытайдын чектөө саясаты сыяктуу каардуу чечимдердин ордуна Индиянын улам алмашып турган өкмөттөрү кыздардын билим алуусуна жана аялдардын социалдык-экономикалык укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө каражаттарды берип турушту.
Индиянын өнүгүүгө багытталган аракети Бириккен Улуттар Уюмунун 1994-жылы Каирде өткөн Калкты жайгаштыруу жана өнүгүү боюнча эл аралык конференциясындагы адамдардын жашоосуна инвестиция салуу жана төрөттү азайтууну мажбулоо стратегиясын четке кагуу чакырыктарына ылайык келет. Керала, Тамилнад жана Андхра-Прадеш сыяктуу бир катар индиялык штаттар башкаларга өрнөк болуу менен төрөттүн төмөнкү деңгээлине батыраак жетише алышты. Индия азыр жети штаттагы төрөттүн саны көп 146 районго сактануучу каражаттарды берүүнү көбөйтүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу сыяктуу өнөктүктөрдү жайылтууну мелжеп турат.
Деген менен, Индияда да ишке аша элек маселелер бар. Анткени менен өлкөнүн калкынын саны өсүп бараткандыктан, көптөгөн жаштар иштеп, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн тездете алышар эле, бирок ага чейин алар билим алышы абзел. Муну үчүн Индия өзүнүн билим берүү жана кесиптик көндүмдөр программасын эмгек рыногунун керектөөлөрүнө шайкеш келтире алышы зарыл. Индиянын ийгилиги жаштардын ийгилиги менен байланыштуу.
Ошондой эле Индия экономикалык өнүгүүнү аялдарга жана кыздарга инвестиция жасоо аркылуу арттырууну көздөгөн гендердик дивиденддерди пайдалануунун үстүндө да иштеши абзел. Акыркы маалыматтарга караганда, балдардын төрөлүшүнүн жыныстык тең салмаксыздыгы жагынан дүйнөдө Кытай алдыда турат.
Бул жагынан Индияда 2020-жылы төрөгөн 1000 аялга эсептегенде 1079 эркек бала туура келген. Мектептердеги орто билим берүүгө жана аялдардын жумушчу күчүнүн катышуусуна өзгөчө көңүл буруу менен өлкө гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу демилгелерине инвестиция жасай бериши да керек.
Пунам Муттрежа өлкө социалдык камсыздоону жана тийиштүү мекемелерди түзүү менен калктын картаюусун да алдын ала пландаштырышы зарыл экенин айтат. Кытайдын сабактары калктын санын турукташтыруу маселесине укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө негизделген, адамдардын кызыкчылыктарына төп келген мамиле зарылдыгын баса көрсөттү дейт.
Ошентип, Пунам Муттрежа коомду адам укуктарын чектөө жана мажбурлоо аракеттери менен башкаруу, авторитардык системаны жолго коюу коомдо келип чыккан көйгөйлөрдү жоё албай турганын Индиянын жана Кытайдын калкты жайгаштыруу боюнча мисалдары аркылуу тастыктап берди. Коомду пайдубалынан, негизинен жакшыртуу иши демократиялык ситемада, адам укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылган шартта гана мүмкүн экенин да баса белгилептир. Бул коомду башкарымыш эткен саясатчылар үчүн жакшы сабак болор эле.
Материалды сайтка Жалил САПАРОВ, Эркинбек КАМАЛОВ даярдашты.